Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы «Ормон-Хан» этнокомплексиндеги Ормон-Хан Ниязбек уулунун эстелигинин алдында уюштурулду.
Куттуктоо айтылгандан кийин мамлекеттик туу көтөрүлүп, мекеме жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары мамлекеттик тууну даңазалашты.
-------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 22-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин — тууну жакшыртуу максатын көздөйт. Бул мыйзам менен туудагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.