Turmush — Рамазан айында Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы кафе-ресторандардын кызматкерлери окутуудан өткөрүлөт. Бул тууралуу Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты жумуш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айпери Имамалиева билдирди.
Анын айтымында, калаадагы басымдуу кафе-ресторандарда кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн.
«Өлкөбүздүн борборундагы шаарларда тейлөөчүлөр сервисти жакшы өздөштүрүшкөн. Тилекке каршы биздин шаарда кызматкерлер элементардык идиш-аякты столдун үстүнө туура жайгаштырууну, а түгүл тамакты кардарга кантип сунууну билишпейт. Мындан улам былтыркы жылдан тарта окутууларды жүргүзүп келебиз.
2025-жылы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин базасында 16 жаштан 35 жашка чейинки курактагы 10 официант-барменди окутуудан өткөргөнбүз. Алардын басымдуусу Англия, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөргө расмий жумушчу болуп кеткен. Бул жылы да 15 кызматкерди окутуудан өткөрүүнү пландадык. Аны менен катыр азыр Рамазан айы болгондуктан шаардагы кафелер кечки саат 17:00дөн тарта иштеп баштайт. Алардын администрациясына кат жолдоп, ар бир кафеден экиден кызматкерди окутуу планыбыз бар», - деди Имамалиева.
Бүгүнкү күнгө карата Манас шаарында жалпы жумушсуздардын саны 514 адамды түзөт. Алардын ичинен расмий каттоого алынган жумушсуздар — 129 адам.