Turmush — Медайым Айзада Алымкулова Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кениндеги жумушчулардын ден соолугунун сакчысы. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.
Анын айтымында, Сокулук районунун Арал айылында көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Бул жерге тез жардам кызматына көп чакыруулар түшүп тургандыктан, бул жакка келип иштөө сунушу берилген. Кара-Кечеде 2 жылдан бери эмгектенет.
«Мен өзүм Чүйдүн кызымын, Жумгалга келин болуп келгенден бери медицина тармагында эмгектендим. Учурда Кара-Кече көмүр кесиминде вахталык тартипте иштейм. Менин ишим тоо жумушчуларын медициналык кароодон өткөрүү, алардын кан басымын текшерүү, акыбалын суроо, дары-дармек менен камсыздоо кирет. Тоо койнунда шахтерлор оор кырдаалда эмгектенишет. Аба ырайы күн сайын өзгөрүп тургандыктан алардын саламаттыгын кароо менин милдетим. Жумушчуларды жалпы кароодон өткөрүп бүткөн соң, ашканага барып ал жактын тазалыгын, жумушчулардын саламаттыгын, азыктардын сакталышы менен күн сайын берилүүчү тамак аштын курамын, жазалышын кароодон өткөрүп турам. Жумушум оор деле эмес, абасы бийиги эле татаал болбосо барына чыдап иштеп келем», - деди ал.
Кара-Кече көмүр кесиминде жумушчулар вахталык тартипте иштешет. Аларга керектүү дары дармектерди ишкана дайым камсыздап турушат. Медайымдын жашап турган жайы жана бейтаптарды кабыл алуу, көрүү пункттары күнү-түнү иштеп, жумушчулардын саламаттыгына кам көрүп турушат. Ичи жылуу, таза бөлмөдө ден соолукка керектүү бардык дары-дармектер бар.