Turmush — Бүгүн, 2-март күнү Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы жубайлар Алмаз Эшалиев менен Чынара Сулайманова көчмө маалымат жыйын уюштуруп, өлкө башчысы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбековго кайрылуу жасашты.
Буга чейин 25-февралда УКМКнын басма сөз кызыматы Таласта ИИМдин кызматкери Түркиянын жарандарынан мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча кармалганын кабарлаган. Анда 2025-жылдын апрель айында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35 миң 500 долларын ээлеп алганы айтылган.
«Э.М.А. чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» деп аталган кымбат-баалуу чөптү (уругунун 1 килограммы 3000 доллар) өстүрүү, аны Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, андан соң акчасын ээлеп алган. Мындан улам 2025-жылдын октябрь айында инвестор ИИМге кайрылган. Бирок анын катышуусунда тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, Э.М.А.нын кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. 2026-жылдын 27-январында Түркия жараны УКМКга кайрылган. Андан кийин прокуратура тарабынан мурда каралган материалдар УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. 24-февралда Э.М.А. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылган маалыматта.
Алардын айтымында, быйыл 24-февралда алардын милицияда иштеген уулун УКМК кызматкерлери алдамчылыкка шектүү катары кармап кеткен. Бирок ага уулунун эч кандай тиешеси жок.
«Сиздерге кайрылуубуздун себеби, ушул жылдын 24-февраль түнү Бишкек шаарында ички иликтөө кызматында иштеген уулубуз Э.М.ны УКМКнын балдары кармап кетти деп түндө саат 03:30 чамасында келинибизден уктук да, дароо Талас шаарына жөнөдүк. Мамлекет тарабынан берилген жактоочу менен байланыштык. Бирок УКМКдан толук маалымат алып, бул дыйканчылык ишке Максаттын эч кандай тиешеси жок экенин жеткирейин деп 2 күн эшигин каккылап туруп, үнүбүздү жеткире албадык. Анан бир маалда интернет булактарында жаңылык чыкты. Уулубуздун акча санап жаткан видеолорунан кесилген экен. «Түрк инвесторун алдап кеткен» деп жазылыптыр.
Биз бул учурда аябай оор акыбалда болдук. Эли, жери үчүн ак кызмат кылган балабызды каралап элдин алдында жалган жалаа жаап, аброю менен ойноп жатканы. Экинчи күнү УКМКнын алдында турганда кызматкери бизге «Кеткиле бул жактан» деп эшигин жаап, бизди укпады. Бирок А.Д.ны (инвестор) алып кирип кетишти.
Анан бизди мамлекеттик жактоочусу иш менен тааныштырып, «Балаңар мойнуна алсын жана түрктүн акчасын төлөсүн. Жумуштан кетсин. Балаңар оңой менен акталбайт» деп айтты. Балабыздын соту жабык өткөрүлүп, 1 айга камап коюшту. Бул жерде биздин күйгөнүбүз. Эч кандай далили жок эле, бир тараптуу жабырлануучунун берген маалыматы деп эле иштеп турган уулубузду өздөрүнүн жумушуна упай топтоо үчүн камап коюп жатат десек жаңылбайбыз. Анткени түрктөр менен кагаз жүзүндө келишим түзүп, официалдуу иштешкен анын атасы мен Эшалиев Алмаз болчумун.
Уулум 6-класстан тарта «Себат» лицейинде окуду. Ал жакты кызыл аттестат менен аяктап, милиция академиясын Түркияда аяктаган. Муну айткан себебим, аталган иште жабырлануучумун деген А.Д. аттуу түрк инвестору менен уулумдун ортосунда 2018-жылдан бери сый, жакшы мамилеси бар экен. Анан ал 2025-жылы балама баклажан тигүүнү сунуштаган экен. «Дыйканчылык келишими түзүлсө баклажандын уругун бекер берем. Иштетүүгө каражат берип, кайра түшүмүн сатып алам» деген.
Алгач балам бул иштен баш тарткан. Анан ал жакшы тааныш кишилер дегенде, биз дагы дыйкан болгондуктан, «ата-энем, туугандарым иштете аласыңарбы» деп бизге сунуш киргизди. Мен инилерим, бир туугандарым менен акылдашып иштетели деп чечтик. Анан ал түрк инвестору А.Д.ны менен мен жолуктум, эмгек келишими боюнча сүйлөштүк. Түшүм даяр болгондон кийин баглажандын ичин оюп көргөзүп, башында көзөмөлдөп турабыз деп айтылган. Баглажандын уругун сээп, күнөсканага өстүрүп, 10 см болгондо жыйынтыктан кийин гана нотариалдык түрдө кол коюлуп акчасы берилген. Ага чейин күнөскана кеткен чыгымын баарын өзүбүз мойнубузга алып иштетип жаттык. Аны 9 күнөскана кылып, узундугу 55-56 метр туурасы 1,5 метр кылып тигип, баклажан көчөттөр 1 карыш болуп калганда кайрадан жолугуп, нотариалдык түрдө эки тараптуу келишим түздүк.
Ал келишимде иштетүү үчүн 20 миң доллар бермек. Баклажандын уругун бекер берүү тууралуу келишимде көргөзүлгөн. Бирок уруктун баасы жана сорту жазылган эмес. Кайра өндүргөн даяр продукцияны өздөрү 1 килограммын 10 доллардан сатып алышмак. Ушундай деп эмгек келишимине кол кюлган. Ал жерде Максат эч кандай катышкан жок. Анткени анын дыйканчылык кылганга шарты же мүмкүнчүлүгү жок болчу. Уулум түрк тилин билгендиктен бизге которуп берген.
Алгач 2025-жылдын 1-майында 10 миң доллар, андан кийин көп өтпөй 2025-жылдын 15-июлунда 6 миң доллар беришти. Ошол түрктөр берген долларды уулум Э.М.га санаттым. Биз 50-70ке чукул жумушчулар менен баягы келишимге жоопкерчиликтүү болгон соң, жайы бою баш көтөрбөй иштедик. 12,5 гектарга жакын жерди арендага алып күнөсканадагы баклажандын көчөтүн отургузулуп, аны улам чөбүн тазалап, отоп, чаап, суугарып, жаш баладай карадык. Бардыгы ушул айылдын күрд улутундагы иштеген бригадалары болчу. Х.К. деген түрк келип, баклажандын ичин алып таштап, туура кургатуу ыкмаларын көргөзүп, үйрөтүп кетти. Бирок 1 эле күн көрсөтүп качып кетти.
Түшүм мол болду. Жылына 3-4 жолу түшүм берет деген бирок түшүмдүн жартысынан азы жыйналган учурда өздөрү «албайбыз, мындай бизге жарабайт» деп баш тартып жок болуп кетишти. Ошентип биз иштегендердин акчаларын төлөй албай эмгек келишимин бузабыз деп түрк инвестору А.Д.нын (инвестор) электрондук дарегине, үйүнө да маалымдама жөнөттүк. Бирок эч кандай реакция болгон жок.
Талаадагы жайнаган баклажан терилбей кар алдында калып калды. Абдан ишенип мээнет кылганыбыз күйүп кетти. Ушундай бир чоң сыноодон өттүк. Мээнетибиз текке кетти дегенде азыр биздин башыбызга кайгы салганы — эч күнөөсү жок балабыздын камалышы болду. Болгондо дагы жалган жалаа менен.
Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич, сиз «УКМК тармагында эч кандай басмырлоо, жалаа жабуу болбойт» деп айттыңыз эле. Бардыгын түп тамыры менен өзгөртүп жатасыз. Бул жерде эмне себеп болду белгисиз. Бирок биздин уулубузду ачык эле эч далилдери жок, бир гана түрк инвестору деп аталган тараптын арызынын негизинде гана камап отурушат. Ал жерде суракка алса менден көрсөтмө алыш керек. Бирок бир дагы тергөөгө чакырышкан жок. Бир дагы иликтөө болгон жок. Анткени балам ал жерде документтик негизде дагы, иштеринде дагы кийлигишүүсү болгон эмес. Ал жерде келишим түзгөн мен, иштеткен дагы мен. Бирок бул иштеги баш карман мени эч ким чакырган жок.
Балам ишине өтө так, принциптери бар бала. Ал бирөөнүн оокатын тартып ала турган бала эмес. Биз дагы өмүр боюу адал оокат кылган карапайым дыйкандарбыз. Ошол улуубуз мекенине кызмат кылсын деп окутуп, ушул даражага жеткиргенбиз. Бир мүнөттө эле бир кишинин тагдырын ушундай чечип койгонго кимдин дити барат? Урматтуу президентибиз бизди көрүп жатсаңыз ушул ишти өзүңүз көзөмөлүңүзгө алып, балабызды үйгө чыгарып берсеңиз. Биздин үнүбүздү эч ким укпай жатат», - деди жубайлар.