Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын тургуну Сүйүндүк Асаналиева ардактуу эс алууга чыккандан кийин бала кезинен кызыккан кол өнөрчүлүктү аркалап жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы кол өнөрчү менен маектешти.
Асаналиева Сүйүндүк Молдокасымовна 1968-жылдын 14-сентябрында аталган райондун Тилекмат айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 10 бир туугандын жетинчиси — 9 кыз, 1 эркек болуп чоңоюшкан. Орто мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы педагогикалык институттун математика факультетин бүтүрүп, жогорку билим алган.
«Мугалим болуп бир жыл гана эмгектендим. Андан кийин турмушка чыгып, балдарды чоңойтуп, кийин башка жумушта иштеп калдым», - деп сөзүн баштады ал.
Сүйүндүк айым 1993-жылы Оргочор айылына келин болуп, жолдошу Жаналы Акматов менен бирге 6 баланын, 4 неберенин ата-энеси болушту. Үй-бүлөсүндө 4 кыз, 2 уулду тарбиялап өстүрүштү.
«Буюрса, жашообуз жакшы. Жолдошум өзү кесиби боюнча журналист. Учурда айылыбыздагы райондун сыймыгы болгон музейде эмгектенип келет. Андыктан ал кыргыздын каада-салтын, буюмдарын өзгөчө баалайт. Мага да колдоо көрсөтүп, кыргыздын жүндөн жасалган буюмдарын жазасам, "улуттук наркты улап жатат" деп баалап, колдоп турат», - дейт каарманыбыз.
Сүйүндүк айым кол өнөрчүлүккө бала кезинен эле аралашкан. Апасы менен бирге жүн иштетип, шырдак жасап үйрөнгөн өнөрү кийин анын негизги ишине айланган. Балдары чоңоюп, өзү пенсияга чыккандан кийин туризм багытындагы семинарга катышып, жаңы дем менен иш баштаган.
«Тоң районунда кол өнөрчүлөрдүн семинары болмок экен. Ал жакка жеңем жазылып, бирок ошол күнү иштери чыгып, бара албай калды. Анан менден катышуумду суранып калды. Мен анын ордуна семинарга барып, аябай шыктандым. Кыргыздын кийизден жасалган буюмдарын көрүп, биз да ушундай жасайлык деп идея келди. Ал жерде Жети-Өгүз районунан барган кол өнөрчүлөр менен тааныштым. Баарыбыз атайын топ түзүп, биз дагы кийизден буюмдарды жасоону чечтик. Шырдак шырыганды, кийизди чычканды, баарын үйрөндүк. Мурда эми кыргыздын буюмдарын жасап жүргөн жаныбыз бат эле өздөштүрүп кеттик. Арабызда бир келинибиз бизге демөөрчүлүк кылып, окшош кийимдерди тиктирип, алгачкы материалдарды алып берди. Сайма сайып, тигип, шырдак шырууну өздөштүрдүк. Көптөгөн окууларга, фестивалдарга, көргөзмөлөргө катышып, тажрыйба топтодук. Элди көрүп, аралашып, жер көрүп, өнүгүп өсөт экенбиз. Ошентип ишибиз уланып кетти», - дейт ал.
Бүгүнкү күндө унутта кала баштаган кыргыздын шырдагы, туш кийизи заманбап үлгүдө жаңыланып, панно түрүндө, жерге салуучу чакан шырдакча кылып жасашат. Айрыкча туристтерге ылайыкташтырылган кичинекей өлчөмдөгү буюмдар суроо-талапка ээ.
Сезон маалында Сүйүндүк айым Көк-Жайык жайлоосуна чыгып, туристтерди кабыл алат. Анын үч боз үйү бар.
«Балдар чоңойгондон кийин жумушта иштедим. Ал жактан 50 жашка чыгып, ардактуу эс алууга чыктым. Анан өзүмдүн эжем Көк-Жайык жайлоосунда боз үй тигип, туристтерди кабыл алчу. Мен да ал сыяктуу иштөөнү чечтим. Токой чарбасына барып, жер ижарага ала турганымды айттым. Алар макул болду. Алгач бир боз үй менен иштеп баштаганбыз. Учурда 3 боз үйүбүз бар. Үй-бүлөм менен бирге иштеп, эс алуу менен эмгекти айкалыштыра баштадык. Быйыл жайында 6- жылы барабыз», - дейт ал.
Жайлоодо Сүйүндүк айым жергиликтүү конокторду, туристтерди кабыл алат.
«Кыргыз эли эс алууну үйрөнүп баштады. Жай айында өлкөбүздүн ар аймагынан ички туристтер келет. Башка облустан келген меймандар өзүбүздүн табиятыбызды баалап, кооз мамлекетибиздин ар аймагын көрүп жатканына кубанабыз. Ошондой эле конок тосгондор келишет. Бул жерден кудаларын, шерине тосуп, баласынын түшоо тоюн өткөрүп, той бергендер болот. Элибиздин жакшылыгына күбө болуп, жакшылыктарга кызмат кылуу бизге да жакшы», - дейт ал.
Ошондой эле чет элдик туристтер келет. Аларга кыргыздын буюмдарын, тамак-ашын көрсөтүп берет.
«Эмнегедир туристтер куурдакты жакшы көрүшөт. Көбүнчө куурдак буйрутма кылышат. Ошондой эле айран, каймак сунуштайбыз. Аларды жеп көрүп, абдан баалашат. Ошондой эле биз дайым дасторконго кыргыздын нукура тамактарын коебуз. Мисалы, жөнөкөй эле көөлөнгөн талкан. Аны абдан жактырышат. Буудайдын талканын жылкынын майына көөлөп, кант же бал аралаштырып коёбуз. Ал көпкө сакталып, бузулбайт. Бул адамдын иммунитетин көтөрүүгө да пайдалуу. Балдар азыр жебейт деп жасашпайт. Бирок жасап койсо, биздин балдар, келген коноктордун балдары абдан жакшы көрүп жешет. Ошондой эле куйрукту туздап, ыштап коем. Аны да жактырып жешет. Чет элден келген меймандар биздин нукура азыктарды абдан баалашат», - дейт ал.
Көк-Жайык жайлоосун коргоо үчүн акыркы жылдары мал киргизүүгө чектөө коюлган. Андыктан боз үй менен мейман тоскондор сүттү Кочкор районунан алдырарын айтышат.
«Атайын жылкынын таза сүтүн Кочкор районунан алдырабыз. Анан кымыз жасайбыз. Кайын энемдин жыгачтан жасалган челегин колдоном. Жыгач ышталган челекке кымыз абдан даамдуу болуп, көпкө да сакталат. Кайын энем менен бирге жашачубуз. Анан апамдын бул челеги кийин сарайга чыгып, майда-чүйдө бир нерселер салынып турчу. Жайлоого чыкканы апамдын буюмун да колдонолу деп аны алып келип, кайра оңдоп, ыштап алдык. Учурда бул челек — биздин үй-бүлөгө 50 жылдан ашык кызмат кылган, апамдан калган баалуу буюм», - дейт Сүйүндүк айым.
Ошондой эле ал келген ар бир мейманга табиятка аяр мамиле кылууга чакырарын айтат.
«Бир жолу араптар келип, 3-4 күн эс алышты. Алар тамак-ашты өздөрү жасай турганын айтышты. Биз аларга бекер эле кыргыздын суусундуктарын сунуштап көрдүк. Мындан улам алар мага чайын ооз тийип көрүүнү айтышты. "Чайнегиңер отко коюп жатып, көө болуп калыптыр" деп күлүп койдум. Бир күнү кечинде алар көп отун терип келишиптир. Жайлоодо от жагууга тыюу салынарын айтып, жактырган жокпуз. Негизи ар бир келген эс алуучуга ар кайсыл жакка от жагуу болбой турганын, таштанды калтырбоо керектиги сыяктуу эрежелерди айтып турабыз. Анткени табиятты сактоо бул ар бирибиздин милдетибиз», - дейт ал.
Кол өнөрчү жасаган буюмдарын чет элден келген конокторго сатат. Алар кийизден жасалган кичинекей, көтөрүп кете алган буюмдарды алышат. Көбүнчө жүндөн жасалган тапочкалар жакшы өтөт.
Анын айтымында, айыл жергесинде мындай иш менен алектенүү өтө пайдалуу. Бирок азыркы жаштардын көбү кол өнөрчүлүккө кызыкпай, даяр нерсеге ыктап бара жатканын өкүнүч менен белгилейт. Ошентсе да, Сүйүндүк айым үчүн бул иш — жөн гана киреше булагы эмес, бул — руханий жана материалдык өсүү, эл менен аралашуу, тажрыйба топтоо.
«Ар бир эне кыргыздын өнөрүн кыз-келинине калтырышы керек. Мен да кызым менен келиниме шырдак шырытып, жасатып, үйрөтүп жатам. Алар бош олтура калса кийиз карматып, билген өнөрүмдү үйрөтсөм дейм», - деп сөзүн жыйынтыктады.