Turmush — Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну Зубаржад Жалилова 2020-жылдын сентябрь айынан тарта Саякбай Каралаев атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде англис тили мугалими болуп иштеп келет. Жаш мугалим катары эмгек жолун жаңы баштаганына карабай, кыска убакыт ичинде мектептин коомдук жана билим берүү ишмердүүлүгүнө активдүү аралашып, бир катар долбоорлорго катышууга жетишкен. Өзгөчө ысымдуу мугалим менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1998-жылдын 16-майында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында төрөлгөм. Атымды атам койгон. Атам китепти көп окуган адам эле. Бир жолу акылдуу кыздын ысымын окуп калып, ошол ысым эжемдин атына да уйкашсын деп мага бериптир. Интернеттен карасак, бул араб тилинен алынган татар ысымы экен, "изумруд" деген маанини билдирет», — деди ал.
Ал Бишкек шаарындагы академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациясы факультетинде “Филологиялык билим берүү” (англис тили) багытында билим алып, 2020-жылы ийгиликтүү аяктаган. Кесиби — англис тили мугалими.
«Бала кезимден эле англис тилине кызыгып, олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишип келгем. Мектепти бүткөндөн кийин англис тилине болгон сүйүүм педагогикалык жолду тандоого алып келди. Атам да менин тил үйрөнүшүмдү дайыма колдоп, шаарга барган сайын сөздүк китептерди, дисктерди алып келип берчү. Мугалимдеримдин кесиптик тажрыйбасы, чыгармачылыгы да кызыгуумду ойготсо керек деп ойлойм», — дейт ал.
Анын айтымында, шаардык жана республикалык деңгээлдеги семинар-тренингдерге, форумдарга, билим берүү долбоорлоруна дайым катышып, тажрыйбасын байытып келет.
«Сабак өтүүдө эң негизги максатым — окуучуну сүйлөтүү жана тилди реалдуу турмушта колдонууга үйрөтүү. Ошондуктан көбүнчө коммуникативдик методду колдоном. Окуучулар жупта же топто иштеп, ролдук оюндарга катышып, диалог жана талкуулар аркылуу өз ойлорун эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мындан тышкары сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмаларын, долбоордук жана тапшырмага негизделген окутууну колдонуп келем. Окуучулар презентация жасап, изилдөө жүргүзүп, чыгармачыл иштерди аткарышат. Бул алардын тилдик гана эмес, лидерлик жана командада иштөө жөндөмдөрүн да өнүктүрөт.
Заманбап сабак санарипсиз болбойт деп эсептейм. Ошондуктан интерактивдүү доска, онлайн-платформалар жана мультимедиалык материалдарды активдүү пайдаланам. Мен үчүн эң маанилүүсү — сабак кызыктуу, жандуу жана окуучуга дем берүүчү болушу. Ар бир окуучу өз оюн эркин айта алган, ката кетирүүдөн коркпогон чөйрө түзүүгө аракет кылам», — деди мугалим.
Зубаржад айым жетишкен кесиптик жана коомдук ийгиликтери боюнча үн катты.
«Эмгек жолумду 5 жыл мурун баштаганыма карабастан, мектеп администрациясынын жана кесиптештеримдин колдоосу менен бир катар кесиптик жана коомдук ийгиликтерге жетиштим деп айта алам. 2024-жылы республикалык «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, шаардык жана облустук турлардан өтүп, республикалык туруна жолдомо алгам. Ал жакта республика боюнча 128 мугалимдин ичинен финалдык этапка өткөн 25 мугалимдин катарына кирдим. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" жана "Жылдын мыкты мугалими" төш белгилери, диплом менен сыйландым.
Мындан тышкары "Жыл мыктысы — 2022" номинациясына татыдым, Жогорку Кеңештин 85 жылдык юбилейлик медалы менен сыйландым. Балыкчы шаарынын мэриясынын жана билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен да сыйландым. Бул сыйлыктардын баары жакындарымдын жана кесиптештеримдин колдоосунун аркасында келди десем болот. Себеби мындай сынактар күчтүү даярдыкты талап кылат экен. Улуу муун да, жаш муун да мени колдоп жардам бергени мен үчүн сыймык, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болду«», — деди ал.
Ал окуучуларынын ийгиликтери да өзүнө дем берерин белгиледи.
«Окуучуларым шаардык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келишет. 2021–2022-окуу жылында окуучум Азиз Элебесов шаардык олимпиадада III орунду алган. Быйыл окуучум Тохтоева Ажара шаардык олимпиадада 2-орунду камсыз кылды. Ал абдан тырышчаак, максатын так коюп, ага жете билген окуучу. Жакынкы аралыкта буюрса облустук олимпиадага катышат.
Ошондой эле биздин мектептин окуучулары FLEX программасынын жеңүүчүсү болуп, учурда АКШда билим алып жатышат», — деди ал.
Бош убактысында өзүн өнүктүрүүгө, тренингдерге катышууга жана коомдук иштерге активдүү аралашууга аракет кыларын айтты.
«Келечекте кесиптик деңгээлимди дагы да жогорулатып, билим берүү тармагындагы заманбап ыкмаларды өздөштүрүүнү улантууну максат кылам. Ошондой эле мугалимдер үчүн тренер катары ишмердүүлүгүмдү улантып, тажрыйбамды бөлүшүп, кесиптештерим менен бирге билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошууну пландап келем», – деди Зубаржад Жалилова.