Turmush — Кадамжай районунун Охна айылынын тургуну Мутабар Дооранова үйүндө түркүн гүлдөрдү өстүрүп, киреше таап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, үйүндө гүлдүн 15тен ашык түрү бар.
«Гүлдөрүм менен чогуу жашайм. Кубансам да, ыйласам да гүлдөрүмө айтам. Гүлдүн 15тен ашык түрү бар. Ар бирине өзүнчө камкордук көрүлөт. Өзүнө жараша витаминдер сатылып алынат. Гүлдөр абдан мээримди, камкордукту талап кылат. Кээде музыка коюп берем. Алардын арасында калатеянын бир нече түрү, «аялдын бактысы» гүлү, ардезия, лилиянын түрлөрү, кызыл антуриум жана башка гүлдөр бар. Калла деген гүлүм бар. 7 жылдан бери жыл сайын кышында туулган күнүмө гүлдөп берет.
Гүл көчөттөрүн көбүнчө Бишкек шаарынан алдырам. Айрым түрлөрүн өзүм шагынан өстүрүп, уругун алып көбөйтөм. Гүлдөрдүн баасы ар кандай. Эң кымбаты 1000 сомго чейин. Ал ардезия деген гүл. Эмнегедир баасына байланыштуубу бул гүлгө кардар анча эмес. Калган түрлөрү 250 сомдон башталып, 300-500 сом болуп ар кандай баада. «Золотая рыбка» аттуу өзгөчө гүл да бар. Кардарлар бул гүлгө көп кызыгышат.
Гүлдөрдү үй ичинде коридордо өстүрөм. Атайын жылытуу системасы орнотулуп, күн нуру жылуу тийсин деп терезени чоң көлөмдө койдургам. Үй шартында деле гүл өстүрүп, жакшы киреше табууга болот. Чай-чака, күнүмдүк тамак-ашка акча чыгып турат.
Буга чейин Россияда иштеп жүрдүм. Айылга келгенден кийин гүл өстүрүүнү баштадым. Көп деле убакыт боло элек, бирок гүлдөрүм аябай көбөйүп кетти. Дагы жаңы түрлөрдү алып келүүнү пландап жатам», - деди ал.