Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана кызматкер мырзаларынын арасында бильярд боюнча биринчилик мелдеши болуп өттү.
Маалым болгондой, иш-чара Ош шаарындагы «Анкара» бильярд клубунда уюштурулуп, ага 40ка жакын катышуучу ат салышты.
Мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун — Гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Батыров Залкар,
- 2-орун — Гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Курманали уулу Кубаныч,
- 3-орун— Энергетика жана транспорт институтунун окутуучусу Касымалиев Бурканбек ээледи.
Жеңүүчүлөр жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мелдеш ОшТУнун Кесиптик бирлик комитети жана Дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Кесиптик бирлик комитети иш-чарага активдүү колдоо көрсөтүп, катышуучуларга белектерди тапшырды.
Аталган спорттук иш-чаранын негизги максаты — жамаат ичиндеги ынтымакты чыңдоо, окутуучулардын эс алуусун уюштуруу жана майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат. Белгилей кетсек, бул мелдеш салтка айланып, акыркы 15 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.