Turmush — Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы 8-классынын окуучусу Хадижа Кадырова балдар искусство мектебинде билим алып, комуз чертүү боюнча чеберчилигин арттырууда. Аймактык кабарчы жаш талант менен маектешти.
Анын айтымында, келечекте чоң сахнага чыккысы келет.
«Комуздун арты менен көптөгөн жерлерди көрдүк, көп нерсеге жеттик. Ар бир сынак, ар бир сахнага чыгуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Командабыз менен бирге биринчиликти алган учурларыбыз көп болуп, бул жеңиштер мага болгон ишенимди арттырды. Комузду дайыма чертип, үзгүлтүксүз машыгуу керек экенин түшүндүм. Бул өнөр мага абдан жакын, жан дүйнөмө тынчтык тартуулайт. Келечекте өзүмдү чоң сахнадан көргүм келет. Улуттук аспабыбыз болгон комузду кесип катары улантып, анын үнүн дүйнөгө таанытууга аракет кылам.
Комузду ата-энем сатып берип, ар дайым колдоп келишет. Бул — ата-бабадан калган ыйык мурас. Чоң атам Кадыр Эстебесов белгилүү комузчу болгон. Атамдын жолун улап, улуттук өнөрдү улантсам дейм», - деди ал.
Каарманыбыз кийин стюардесса болгусу келерин айтты.
«Келечекте стюардесса болгум келет. Бул кесип мага жоопкерчилиги, маданияттуулугу жана тартипти талап кылганы менен жагат. Стюардесса болуу үчүн жогорку дисциплина, терең билим, тыкандык жана адамдар менен туура мамиле кыла билүү абдан маанилүү деп эсептейм. Бул менин кичинекей кезимден берки кыялым. Учакта иштеген стюардессалардын өзүнө жарашкан формасы, маданияттуу сүйлөөсү жана сылык мамилеси мени дайыма суктандырып келет. Азыркы учурда кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм, мындан тышкары башка тилдерди үйрөнүүгө да кызыгам. Кудай буюрса, алдыга максат коюп, жогорку окуу жайга тапшырып, ушул кыялымды ишке ашырууга бардык күчүмдү жумшайм», - деди ал.