Turmush — Жайыл районунун Кара-Балта шаарында азыркы мезгил үчүн адаттан тыш куш байкалып, видеого түшүрүлдү.
«Куш өзүн жакшы сезип тургандай көрүндү, жакындайын десем тез эле бир жерден экинчи жерге уча коюп жатты. Сасык үпүп мынчалык эрте Чүй облусуна кантип келип калды?» — деп таң калды жергиликтүү тургун Айжан Атакеева.
Эколог адис Александр Сосновский үпүп тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
«Сасык үпүп — ачык түстөгү жүнү жана көрүнүшү менен тропикалык куштарды элестетет. Түзүлүшү боюнча башка куштардан ушунчалык айырмалангандыктан, айрым окумуштуулар аларды мүйүзтумшук куштар менен бирге өзүнчө бөлүп чыгарышат.
Куштун негизги өзгөчөлүгү — төбөсүндөгү айдары жана өзгөчө өңү. Денеси сары-кум түстө, канаттары болсо кара-ак тилкелүү, куйрук астындагы жүнү аппак болот. Мунун баарын узун, ичке жана суналган тумшугу толуктап турат.
Үпүптөрдүн февраль айында пайда болушу өзгөчө көрүнүш. Анткени бул куш күзүндө Кыргызстанды эң биринчилерден болуп таштап кетет — августтун аягында, ал эми жазында эң акыркы болуп келет — май айынын башында. Бул анын азыктануусунун өзгөчөлүгүнө байланыштуу: үпүптүн ийилген тумшугу жумшак болуп, ар кандай жаракалардан жана таштардын алдынан курт-кумурскаларды терип алууга ылайыкташкан. Суук түшкөндө курт-кумурскалар жоголуп кетет да, үпүптөргө жем табуу кыйын болуп калат.
Сасык үпүп уясын көңдөйлөргө, ийиндерге салат, бирок бизде көбүнчө адам курган имараттардын жаракаларына, таш үймөктөрүнө жана алардын астындагы боштуктарга уялайт. Жырткычтар адатта үпүпгө жана анын уясына көп жакындай беришпейт. Анткени үпүп коргонуп жатканда кол салган тарапка өтө сасык кыгын жана куйрук алдындагы безинин ачуу суюктугун чачып жиберет», — деди эколог адис.