Turmush — Ош шаарындагы мончо сүйүүчүлөрүнүн арасында аты-жөнүнөн мурда «парщик» деген ысым менен таанылган адам бар. Ал — 42 жаштагы Алманбет Зайиров. Кесиби боюнча окутуучу, бирок буукананын ичинде аны мугалим деп эмес, жагымдуу пар берген устат катары билишет.
Каарманыбыздын айтымында, мончого болгон кызыгуусун ага маркум досу Осмоналы Караев ойготкон. Таанымал спортчу болгон Осмоналы Караев ага пардын маданиятын, бууну урматтоону, тазалыкты сактоону үйрөткөн.
«Башында жөн гана эшик кармап берип жүрдүм. Кийин өйдөрөөк чыгып отурганды үйрөндүм. Досум чарчап калганда мен пар берип калчумун. 2009-жылдан баштап жуманын көпчүлүк күндөрү чогуу мончодо жүрдүк», - дейт ал.
Бүгүнкү күндө Алманбет мырзаны көпчүлүк «парщик» деп тааныйт. Каарманыбыз билдиргендей, башка шаарларга салыштырмалуу Ошто пар кылуунун маданияты өтө жогору.
«Биз парды жууп-тазалап, түбүнө чейин жууп камданып анан элди киргизебиз. Муну маркум Осмон досумдан үйрөндүк. Ал эч качан "мен ушундаймын" дебейт эле. Тескерисинче, өзү пардын түбүнө чейин түшүп тазалап турчу», - Зайиров.
Анын айтымында, пар сөзсүз 3-4 кабаттан турат. Ар ким өзүнүн ден соолугуна, чыдамкайлыгына жараша отурат. Чыдабаган адам ылдый түшөт — бул уят эмес, тескерисинче туура чечим.
Оштогу мончолордун дагы бир өзгөчөлүгү — эс алуучулар «парщиктин» сөзүн угушат. Андан көп нерсе көз каранды. Эгер жагымдуу, өлчөмдүү пар берсе, эл ыраазы.
«Айрымдар сууну чөмүчтөп куюп, адамды күйгүзүп жиберишет. Өздөрү муздак суу алып кирип алышат. Бул туура эмес. Пар элди кыйноо эмес, ырахат тартуулоо үчүн», - дейт ал.
Пар — руханий тазалануу. Каарманыбыз дарыгер эмес экенин баса белгилейт. Бирок мончону сүйгөн адам катары өз тажрыйбасын бөлүшөт.
«Пар бул адамдын моралдык, руханий тазалануусуна чоң көмөк берет. Эрежеси менен кирип, эрежеси менен чыгып эс алсаң, дене да чыңдалат, жан дүйнө да эс алат», - дейт ал.
Анын ыкмасы — акырындык. Алгач денени көндүрүү, анан сууну грамдап чачуу, отургандардын санына жараша өлчөм.
«Пардагы ысык терини күйгүзбөстөн, сөөккө өтүшү керек. Ошондо жагымдуу болот. Ушунчалык тердетет, ушунчалык эс алуу болот», - дейт Зайиров.
Алгач бут тараптан аз суу, экинчи айлампада көбүрөөк, үчүнчүсүндө дагы көбүрөөк берет. Желпигенде жай, сиңимдүү кылып. Кээде «катураак» берип, анан муздак сууга түшүп, кайра эс алып, кайра парга киргизүү — бул да өзүнчө ыкма.
Мончодо муздак сууга түшүү ар дайым талаштуу тема. Анын айтымында, бул боюнча дарыгерлердин пикирлери да ар түрдүү. 2011-жылы Ош шаарындагы мончолордун бириндеги болгон окуяны эскерет. Пардан чыгып, муздак сууга секирүү боюнча эки дарыгер карама-каршы пикир айткан. Бирөө «болбойт» десе, бир кардиолог дарыгер: «Мүмкүнчүлүк болсо дароо түшкүлө. Башты да сууга салгыла. 30–40 секунд, 1 мүнөткө чейин турса жакшы. Бул тромб коркунучун азайтат», - деген.
Ошентсе да каарманыбыз ар ким өз ден соолугун өзү жакшы билерин айтат.
«Биз рентген же томография эмеспиз. Кыйналсаң, ылдый түш. Ооруң болсо, башкалардын ырахатын бузбай кирбей эле койгон жакшы», - деди ал.
Ал дарыгер досторунун сунушу боюнча муздак суудан кийин дароо парга кирбей, бир аз эс алып, анан кирүү жакшыраак экенин да кошумчалайт.
Буукана — атаандаштык эмес. Алманбет мырза түрдүү кыялдагы адамдар менен тил таап иштешүүгө аракет кылат. Анын айтымында, буукана — өзүн көрсөтчү жер эмес.
«Кээ бирлер "мен сенден кыйын отурам" дешет. Аларга жакшы болушу мүмкүн, бирок башкалар күйүп калышы мүмкүн. Андайларды өзүнчө киргиле дейбиз. Бул жерге адамдар эс алууга келет», - деди ал.
Ар кимдин каалоосун, талабын эске алып берүү «парщиктин» милдети. Эгер кимдир бирөөгө жетпей калса, өзүнчө кайра киргизип пар берет.
Каарманыбыз буунун сырлары жөнүндө да айтып берди. Бууканада дем жетишсиз болгондо ар түрдүү жагымдуу жыттуу майлар кошулган сууну майда жамгыр сыяктуу жыгачтарга чачышат. Бул дем алуу жолдорун ачып, жагымдуу абал жаратат.
«Кээ бирлер майды ташка чачат. Ал түтөп, жагымсыз жыт чыгарат. Биз шыпка, жыгачка чачабыз. Ал сиңип, жагымдуу жыт берет. Ушул туура», - дейт ал.
Кымбат пихта майларын чет өлкөдөн алдыргандар бар экенин, бирок өзү көбүнчө дарыканадагы жеткиликтүү варианттарды колдоноорун айтат. Айрым бууканада колдонулган майлардын 1 литри 6 миң сомго чейин болот.
Каарманыбыз достору менен жылда кар жааган маалда чилде суусуна түшөрүн да айтып берди.
«Суудан чыксаң үшүйсүң, кайра түшкүң келет. Чыккандан кийин дене боюң кыпкызыл болуп кызып, бууканадан чыккандай ысып баштайт. Сонун эс алуу болот», - дейт ал.
Анын айтымында, Кең-Сай аймагынан жер алып, 3-4 бөлмөлүү үй куруп, жанына 10–15 киши баткан мончо салгысы келет. Мал багып, мончого келгендерге союп бышырып берүү кызматын да кошсом дейт. Бул эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзмөк.
«Парщик» деген атты ага мончо сүйүүчүлөр берген.
«Бир жакка иш менен барсам, атымды деле билбейт. "Парщик кел" дешет. Кээде зарыл ишим бат бүтүп кеткен учурлар болот», - деп жылмайып айтат ал.
Алманбет мырза жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болсо да, эл аны буукананын ичиндеги эмгеги үчүн тааныйт. Анын философиясы жөнөкөй: буукана — кыйноо эмес, ырахат. Буукана — атаандаштык эмес, тазалануу. Буукана — маданият.