Turmush — Манас шаарынын 61 жаштагы тургуну Жаанбай Ташматов 37 жыл мурда Ооганстанда согушта жүргөн күндөрүн унута элек. Аймактык кабарчы ардагер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кан майданга 18 жашында кеткен экен. 6 ай атайын даярдыктан өтүп. 2 жыл согуш талаасында жүргөн.
«1983-жылдын ноябрында аскерге чакыртылып, куралдаштар менен бирге Өзбекстандын Самарканд шаарына бардык. Алгач ал жерде 6 айлык даярдоо курсунда болуп, андан кийин поезд менен Термиз шаарына келип, аскердик учак менен Ооганстандын Кундуз шаарына келип, ал жерден Файз-Абад шаарындагы полкко бөлүндүк. Ошентип, өмүрү согушту көрбөгөн, 18 жаштагы балдар, кан майданда 2 жыл, тагырагы 1986-жылга чейин жүрдүк.
Дээрлик күн сайын же аптасына 2-3 жолу ири аскердик операциялар болуп турду. Биз жоокерлер командирлердин буйругу, Ооганстандык чалгынчылардын көрсөтмөсүнө ылайык кармашууларга чыкчубуз», - деди ал.
Каарманыбыз эң оор күндөрдү эскерди.
«Арадан дээрлик 40 жыл өтсө да бир окуя эскен кетпейт. Биз жүргөн Файз-Абад шаарына аскерлер үчүн азык-түлүк, ок-дары, кийим-кечек келет. Ал поезд менен келгенде биз аскердик коллонна менен атайын техникалар менен аны алып келүүгө барабыз. Бир күнү азык-түлүк алып келе жатып, душмандын минасын алдыбызда жүрүп бара жаткан БМП байкабай тебелеп жарылып, оор аскердик техника асманга 5-6 метрдей учуп, оодарылып кулап анын ичиндеги күйүүчү май төгүлүп, өрттөнүп техниканын ичиндеги аскерлер тирүүлөй күйүп кеткен. Биз жардам берели деп алоолоп күйүп жаткан техникага жакын бара албай, кийин аскерлердин кара дөңгөчтөй күйүп жок болуп кеткен денелерин плащ палаткага ороп жөнөткөн күндөр көз алдыман кетпейт.
Мындай кол салуулар көп болду. Өкүнүчтүүсү согуш учурунда каза болгон куралдаш досторуму дагы деле унута албайм», - деди ал.
Бала кезде дарыгер болом деген ниетин согушкан кайткандан кийин орундаткан. Жогорку билимдүү болгон соң ал кыргыз медицина салып кошконун айтат.
«Согушка 18 жашымда кетип, 21 жашымда келдим. Андан соң Новосибирск шаарындагы медициналык институтту бүтүрдүм. Окууну аяктаган алгачкы жылдары облустук стоматологиялык поликлиникада дарыгер болуп иштедим. Андан соң 2001-жылга чейин Жалал-Абад облустук балдар оорууканасында стоматолог дарыгер болуп эмгектендим. 2001-жылдан 2011-жылдагы Манас шаарындагы №704 аскер бөлүгүндө дарыгер болдум. Учурда эс алуудамын», - деди ал.