Turmush — Караганданын катаал кышында -40 градуска чейин суук болгонуна карабай эртең менен сууга түшүп жүргөн кыргызстандык Нурлан Жумабаев 15 жыл мурда көргөн бул адатын акыркы 3 жылдан бери үзгүлтүксүз жашоо эрежесине айланткан. Алайдын Корул айылында төрөлгөн 8 уулдун атасы «кышкы чөмүлүү организмди сергитет» деп эсептеп, табиятка жакын жашоого жана ден соолукка көңүл бурууга чакырат.
«Мен 1984-жылдын 12-июнунда Алай районунун Корул айылында төрөлгөм. Көп жылдан бери үй-бүлөм менен Казакстандын Караганда шаарында жашайм. Кудай берген 8 уулум бар. Балдарымды мектепке, бала бакчага жеткирип, тарбиясы менен алекмин.
Корул айыл аймагындагы Жееналы Орозов атындагы жана А.Бекташов атындагы орто мектептерде билим алгам. Тилекке каршы, жогорку окуу жайда окууну улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени 1990-жылдары Казакстанга иштөө максатында көчүп келгенбиз.
Ата-энем кийин Кыргызстанга кайтып кетишкен. Мен болсо бул жакта калып, казак кызына үйлөндүм. Жубайым менен анын үйүндө ижарада жашап жүргөн кезде таанышканбыз. 2002-жылы айылда той өткөргөнбүз. Ага чейин 2 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Буюрса, бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 26 жыл болуп калды», — деди ал.
Анын айтымында, аба ырайы -40 градус болгондо да сууга түшкөнгө аракет кылат.
«Биринчи жолу кышында сууга түшүүнү болжол менен 15 жыл мурда Екатеринбург шаарында көрүп, өзүм да сынап көргөм. Бирок ал кезде үзгүлтүксүз мүмкүн болгон эмес, анда-санда эле түшүп жүрчүмүн. Ал эми акыркы 3 жылдан бери жайы-кышы күн сайын эртең менен сууга түшүүнү адат кылдым. Аба ырайы -40 болгондо да түшкөнгө аракет кылам. Караганда Казакстандын эң суук аймактарынын бири.
Мен табиятка жакын адаммын. Кышы-жайы балык кармап жүргөндө ар кандай кырдаалдар болгон: муз жарылып, үч жолу сууга түшүп кеткен учурлар да кездешти, бирок өз алдымча чыгып алганмын. Ошондон кийин сууга болгон көз карашым өзгөрүп, бул адатка кызыгуум күчөдү.
Үй-бүлөдө бул адатыма каршы болгондор жок. Тескерисинче, 64 жаштагы атам да Алайдагы дарыяга эртең менен түшүп жүрөт. Уулдарым да бул жакта 2 жылдан бери мени менен кошо түшө башташты.
Кышында сууга түшүүнүн пайдалуу жактары көп деп эсептейм: организмди сергитет, көнүгүү сыяктуу дисциплина берет, өзүмдү жакшы сезүүгө жардам берет. Бирок ар кимдин ден соолугу ар башка. Ошондуктан жүрөк-кан тамыр оорулары же башка өнөкөт көйгөйлөрү бар адамдар дарыгер менен кеңешпей мындай ыкманы баштабай эле койгону туура болот.
Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк адамдар ден соолугуна көңүл бурбай, дарыларга эле таянып калгандай сезилет. Мен болсо көбүрөөк табигый жашоого, туура тамактанууга умтулууга чакырам. Ошол эле учурда кандай гана кеңеш болбосун, дарыгердин сунушун алмаштыра албайт.
Бул жакта кышкы чөмүлүүгө кызыккан казак жана башка туугандар да көбөйүп жатат: келип, жол-жобосун сурап, акырындан үйрөнүп жатышат. Былтыр саналуу эле болсок, быйыл кыйла көбөйдүк. Себеби көптөр ден соолугуна пайдалуу көнүмүштөрдү издеп калды», — деди ал.
Нурлан мырза алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Хоббим — аңчылык жана балык уулоо. 2021-жылы балык кармоо боюнча мелдеште Караганда облусунда 1-орунду, Казакстан боюнча 2-орунду алгам. Келечекте Кыргызстанды эл аралык мелдештерде татыктуу көрсөтүп, желегибизди желбиретсем деген ниетим бар.
Келечекте максаттарым көп: эртерээк Кыргызстанга көчүп барып, ата-энемди ажылыкка алып барсам дейм. Анан 8 уулум менен бирге Кыргызстандын атын чыгарып, ар тармакта ийгилик жаратууну кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.