Turmush — Ак-Суу районунда эркектердин ден соолугуна кам көрүү максатында «Жооптуу бол» акциясы старт алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, акцияга район аймагындагы 18 жаштан жогору эркектер катышууда.
«Акциянын максаты — кант диабети, инсульт жана инфаркт сыяктуу оорулардын көбөйүп жатканына байланыштуу алардын алдын алуу. 1-февралдан 1-мартка чейин айылдарда фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү биргеликте эркектердин ден соолугун текшеришүүдө», — деди Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Канчоро Алымбеков.