Turmush — Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү жана абалы менен жеринен таанышты.
Маалым болгондой, облус башчысы алгач Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан шаардык архитектура мекемесинин жаңы имаратынын курулушун көрүп чыкты. Калаадагы Балдар искусство мектебинин курулушун карап чыкты. Ошол эле курулуштагы бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез арада жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Шаардагы №9 мектептин спорт залынын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүшү керектиги айтылды.
Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, жаңы 150 орундуу оорукананын долбоору менен таанышты. Ал оорукананын учурдагы ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.
Быйыл Турукташтыруу фондунан Таш-Көмүр шаарынын социалдык өнүктүрүү багытындагы долбоорлору үчүн 845 млн сом акча бөлүнгөн.