Turmush — Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында чуркоо лыжасын тебүүгө келгендердин саны өстү. Бул тууралуу машыктыруучу Алтынбек Асакеев билдирди.
Анын айтымында, ден соолук үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болгон чуркоо лыжасы тоо лыжасынан айырмаланат жана ага кызыккандар көбөйүүдө.
«Тоо лыжасы адреналин бергени менен кооптуу. Ал эми чуркоо лыжасы түз жерде тебилет, аны 6 жаштан баштап эле тепсе болот. Бизге келип дайыма машыккандар 15 адам. Ал эми кызыгып келгендер мындан да көп. Бул багытта лыжачыларды шыктандырып, бири-биринен тажрыйба алышы үчүн жакынкы аралыкта республикалык мелдеш өткөрүүнү пландап жатабыз», — деди А. Асакеев.