Turmush — Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын 30 жаштагы тургуну Камчыбек уулу Байболот элге карыз болгон койлордун чыгымын төлөп бүттү. Бул тууралуу анын айылдаштары билдиришти.
Маалыматка караганда, ал айылдын Кара-Тоо аймагында 14 кишиге таандык 820 баш койду кайтарып жүргөн. 2026-жылдын 2-январында кечки саат 16:00 чамасында жайытта койлор иттен үркүп, 186 баш кой биринин артынан бири жарга секирип кетип кырылган. Жардын бийиктиги болжол менен 50 метр, ал эми кулаган жеринин узундугу 100 метрди түзгөн.
Окуя болгон жерге мал ээлери келип, чыгымды эсептеп көрүшкөн. Натыйжада 86 баш койду кечип, 100 баш койдун чыгымын Байболотко төлөтүү тууралуу чечим кабыл алынган. Жалпы чыгым 1 миллион сомго жакын болгон. Байболоттун ата-энеси мурда эле каза болгондуктан, мындай чоң сумманы жалгыз өзү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ушундан улам анын агалары жана айыл тургундары кеңешип, элден жардам сурап кайрылуу жасашкан.
Ак-Жар айылынын эли жана жалпы кыргызстандыктар ынтымактуулугун көрсөтүп, кайдыгер карабай жардам беришти. Банктык эсеп накталай түрдө каражат чогултулуп, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша 500-600 сомдон, айрымдар андан да көп сумма которушкан. Натыйжада жалпы 333 миң 648 сом чогултулуп, кошумча жардамдар менен бирге анын карызы толугу менен жабылган. Ошондой эле 98 баш мал чогултулуп берилген.
Байболот айыл элинин колдоосу менен карыздан толук кутулду. Анын айылдашы Тенти уулу Чыңгыз кайрымдуулук жардамдардын отчетун атайын дептерге жазып турган.
«Байболоттун ата-энеси каза болгондуктан, мындай чоң сумманы жалгыз өзү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошондуктан акелери менен кеңешип, элден жардам сурап кайрылуу жасадык. Ак-Жар айылынын эли кыргыз элинин ынтымактуу экенин дагы бир жолу далилдеди. Банк аркылуу жана накталай түрдө каражат чогултулуп, ошондой эле мал берилди. Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша 500–650 сомдон, айрымдар андан да көп сумма которушту. Кээ бирөөлөр «жазбай эле койгула» деп, 1 сом болсо да сооп үчүн которгондор болду. Бир апа «Банк эсебимде 1 сом эле калыптыр, котором. Менин атымды жазбай эле кой. Бирок пенсияда дагы котором» деп ак батасын берди. Айрымдар топтолуп жардам көрсөтүштү.
Натыйжада банк аркылуу 333 миң 648 сом чогултулуп, жалпы 98 баш мал берилди. Элдин колдоосу менен инибиз карызынан толук кутулуп, жер карабай калды. Баарына ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.