Turmush — Ош мамлекеттик университетинин Ноокат гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы Маматжан кызы Гүлмээрим оор оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маматжан кызы Гүлмээрим 1996-жылдын 5-июлунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Зулпуев айыл аймагынын Үч-Бай айылында туулган.
2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин колледжине окууга тапшырган. 2013-2014-окуу жылдарында бакалавр бөлүмүнө өтүп, 2018-2019-окуу жылдарында университетти ийгиликтүү аяктаган.
Билимин жогорулатып, эмгек жолун билим берүү тармагында уланткан. Ош мамлекеттик университетинин Ноокат гимназиясында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп 2025-жылдын август айына чейин эмгектенген.
2025-жылдын сентябрь айынан тартып оор ооруга кабылып, ооруканада дарыланып жаткан. Ал 2026-жылдын 3-февралында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.