Turmush — Бүгүн, 4-феараль күнү Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы Е.Абилдаев борбордук паркында 1969-жылдын февраль айында Киров 8 жылдык мектеп интернатында чыккан өрттүн кесепетинен каза болгон окуучулар эскерилди. Бул тууралуу «Интернат 1969» коомдук бирикменин жетекчиси Ажибек Айылчиев билдирди.
Анын айтымында, эскерүү иш-чарасына аким Нурланбек Умаров баш болгон жетекчилер, «Интернат 1969» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, шейит кеткендердин жакындары катышты. Алар учуп бараткан балдарга арналган атайын айкелге гүлчамбарларды коюшту.
«Жүгүрүп жүрүп, эртең менен ойгонуп, эжей-агайларым менен учурашам деп турган уул-кыздар армандуу кетишти,аттиң ай. Алтын уя балапандары жазыксыз күйүп кетишти. Ушул мектепте ар кайсы жылдары билим алган алтын уя балапандары менен сыймыктанабыз. Кыргызстандын тарыхына из салгандар, студент кезинде Кыргыз Жогорку Советине депутат болгон, кийин техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматовдун алдында иштеген, профессор Бурулкан Төлөбекова, коомдук мамлекеттик ишмер Байымбет Мураталиев, ССРдин эркин күрөш боюнча 2 жолку чемпиону, спорт чебери Эрмамбетов, театр ишмери Капар Медетбеков менен, Киров районунан чыккан Барпыбек Аманов, экономика илимдеринин доктору Сагадат Бакировна, медицина илимдеринин кандидаты Хадим Абдиев, экономика илимдеринин доктору, финансы министри болгон Болот Абилдаев, белгилүү журналист, президенттик аппаратта, мамлекеттик кадр кызматында иштеген, Бейшеке айылынын кулуну Мелис Айдаркуловдор биздин мектепте окуган», - деди Ажибек Айылчиев.
Кырсыктын чоо-жайы:
1969-жылы кышында Таластын Кызыл-Адыр (мурдагы Киров) айылындагы өрт көптөгөн балдардын өмүрүн алган. Өрттөн улам чабандардын балдары окуган интернат күйүп кеткен. Айрым тарбиячылар балдарды имаратка таштап, өздөрү шейшептерди байлап, терезеден чыгып кетишкен. Ал эми куткаруу иштери 40 градус сууктан улам суу тоңгондугуна байланыштуу оор болгон. Кийин күйүп бүткөн күлдүн арасынан 39 баланын денеси табылган. Алардын кыз же эркек экендиги күйгөндөн калган ткандарды араң чогултуп жатып аныкталган. Эгер денеде калган көйнөк майка болсо эркек бала болгон, эгер түстүү көйнөк болсо кыз деп табышкан.
Каргашанын кесепети боюнча Компартиянын Борбордук комитетинде бюронун отуруму да өткөн. Партиялык орган диверсия болушу мүмкүн деп да шек санаган. Анткени Киров районунда кыска убакыттын ичинде ар кайсы мектептерде 3 жолу өрт чыккан. Бирок бул каргашада атайын жасалган кылмыштын белгилери табылган эмес.
--------------------------------------------
2019-жылы Манас районунун Жийде айылынын тургуну Ажыбек Айылчиев Turmush басылмасына балдар күйүп каза болгон окуяга өз көзү менен күбө болгонун эскерип айтып берген.
Малчылардын балдары билим алган интернат
Ал учурда алыскы кыштоодо, жайлоодо жашаган малчылардын балдары азыркы Кара-Буура районунда жайгашкан интернатта билим алчубуз. Бул интернет 1959-жылга чейин согушта ата-энесинен айрылган балдардын үй интернаты болгон. 1959-жылдан баштап Киров атындагы 8 жылдык мектеп-интернаты болуп которулган. Ошондон баштап бул интернатка Талас өрөөнүнүн бардык жеринен малчылардын балдары окуп калган.
Каргаша болгон күн, күйүп өлкөн бир туугандар
1969-жылы мен 5-класста болчумун. 1969-жылдын 4-февралы күнү ал жерде мен агам, эжем, иним төртөөбүз окуучубуз. Андан тышкары бир тууган эжемдин 2 кызы бар болчу. Ошол учурда мектеп интернаттын жатаканасы өрттөнгөн эле. Ошол өрттө менин 2-класста окуган Чыныбек иним, жогоруда айткан эжемдин 2 кызы тең каза болгон. Биздин үй-бүлө 3 баласын жоготушкан эле.
Биз уктап жатканбыз. Бир маалда элдин топураган үнүнөн ойгондук. 1 жума мурун интернатта жылытуу системасы жарылган эле. Кызыл-Мойноктон аскерлер келип, ширетип оңдоп кетишкен. Чоңдордон «эмне кылабыз?» деп сурасак «1 жума мурдагыдай болду окшойт» дешти. Барыбыз бөлмөбүздөн чыкпай олтурдук. Көрсө бардыгы эле баягыдай ширетип жатат деп унчугушпаптыр. Бир маалда кара түтүн каптап калды. Кошуна бөлмөдө иним Чыныбек бар эле. Улам ал жакка чуркайм, дем ала албай кайра келем. 2 жолу барып жете албай келдим. Жанымдагы досумдан дагы «менин күчүм келбей жатат, иним ушул жакта калып калды» деп суранып чырылдап ыйладым. Ал дагы барып жете албай келди. 3-кабаттын айнегиндеги секи жасап түшүп башташты. Досум биринчи түшүп кетти. Аркасынан мени дагы түшүрүштү. 2-кабаттын айнегине жеткенимде, үстүмө бирөө күп этип кулады. Мен жерде 10 мүнөттөй турбай жатып калдым. Бир туугандарым келип, шейшепке ороп көтөрүп бара жатканы эсимде. «Чыныбек калып калды, Чыныбек калып калды» деп кайталап жаттым. Бир чабандардын үйүнө алып баргандарын билем. Ошентип иним чыкпай калып каза болгон экен.
Ата-энем акыркы күнгө чейин күйүттө ыйлап жашашты. Балким өрт учурунда алыс чуркап кетип, башкалар багып алгандыр, жок дегенде бирөөсү эртең кирип келет деп үмүттөрүн үзгөн жок. Өрттөн 1 жума мурун калың кар жааган экен. Качса дагы алыска жетпей түндө тоңуп калышмак.
Өрт боюнча чыккан сөздөр... Шектүү аялдардын аракети, күлү гана калган балдар
Өрт чыккан 3 кабаттуу имараттын ортолору карагай менен курулган экен. Азыр имараттар бетон менен куюлат. Өрт күйүп жаткан 3-кабат 2-кабатты басып кулап, 2-кабаттан 1-кабатты басып кулап жок болгон. Менин эсимде чырылдаган ый, кыйкырык үндөр жок болуп калып жатты. Кийин балдардын күлдөрүн эле, коробкаларга салып айылдарга таратышкан. Калдыктарынан кийим кара өңдүү болсо эркек деп, түстүү өңдөгү кийим болсо кыз деп таратышкан.
Кийин бул өрт боюнча көп божомолдор болду. Шпионаж деп көп айтылат. Бизде 1-кабатта китепкана эле. Биз 3-кабатта жатчубуз. Кечкээ маал иним экөөбүз ээрчишип түшүп, 2 китеп алып өйдөгө чыкканбыз. Чыгып келе жатканыбызда тааныш эмес 2 аял тепкичтин жанындагы дубалдарды щетка аябай менен жышып жатышкан экен. Мен ошондо эжекемден «бизге комиссия келеби?» деп сураганым эсимде. Анткени бизде комиссия келет дегенде катуу даярдык болчу. Кечээ өткөн эскерүүдө «ошондо дубалдарга тез күйүүчү каражаттар колдонулган» деп айтып жатышат. Өрт учурунда тепкичтерден түшүп кетпесин деп ошол жерлер биринчи өрттөнүп кеткен экен. Ошол убакта радиодон «СССРдин Орто Азиядагы мамлекеттеринде мектеп-интернаттарды, малчылардын, дыйкандардын жатаканасын бага албай өрттөп жатышат» айтылган экен. Бул сөз бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүрөт.
50 жылдан кийин бул балдарды эскерип, эстелик тургузуу боюнча демилге көтөрүлүүдө. Эскерүүлөрдө 39 бала каза болгон деп айтылчу экен. Акыркы жыйынтык менен 43 бала деп жүрөт. Анткени өрттөн 2-3 күндөн кийин дагы каза болгондор болгон.
Каза болгон балдардын ысымдары:
2021-жылы Кызыл-Адыр айылында 39 окуучунун ысымдары жазылган эстелик курулган. Каза болгон окуучулар 7 жаштан 13 жашка чейинки курактагы балдар болгон. 39 окуучунун ичинен 11и балдар болсо, 28и кыздар болгон.
Маркумдардын тизмеси:
1. Абдырахманов Таалай 1959-жылы туулган;
2.Айылчиев Чыныбек 1960-жылы туулган;
3. Акматова Жылдыз 1960-жылы туулган;
4. Акматова Чолпон 1960-жылы туулган;
5. Алыбаев Рысбек 1959-жылы туулган;
6. Ахметова Ырыс 1960-жылы туулган;
7. Баймырзаев Бүбайша 1956-жылы туулган;
8. Бапиев Исхак 1957-жылы туулган;
9. Боромбаева Гүлзат 1960-жылы туулган;
10. Боромбаева Гүлсара 1956-жылы туулган;
11. Есеналиева Уулболсун 1957-жылы туулган;
12. Жээнбекова Салтанат 1956-жылы туулган;
13. Ибраимова Салкынай 1959-жылы туулган;
14. Курманалиева Катира 1959-жылы туулган;
15. Курманов Амантай 1960-жылы туулган;
16. Куттубаев Беренбай 1960-жылы туулган;
17. Мамбеталиева Булбул 1960-жылы туулган;
18. Мураталиева Роза 1957-жылы туулган;
19. Мусуралиева Дилде 1959-жылы туулган;
20. Осмонова Жаңыл 1958-жылы туулган;
21. Оторбаев Асанбек 1960-жылы туулган;
22. Раманкулова Жаңыл 1960-жылы туулган;
23. Рысалиева Рыскан 1960-жылы туулган;
24. Сартбаев Амантай 1957-жылы туулган;
25. Сатаев Орозунбек 1960-жылы туулган;
26. Сатымкулова Анаркан 1958-жылы туулган;
27. Сулайманкулова Сайракүл 1960-жылы туулган;
28. Султаналиева Калима 1960-жылы туулган;
29. Тагайматова Ляйлакан 1960-жылы туулган;
30. Таштанбекова Айжамал 1956-жылы туулган;
31. Токтосунов Калыбай 1960-жылы туулган;
32. Төлөгөнова Марипа 1960-жылы туулган;
33. Төрөкулова Салтанат 1958-жылы туулган;
34. Туралиева Керимбүбү 1955-жылы туулган;
35. Уметалиева Гүлмира 1957-жылы туулган;
36. Чойбекова Күлжан 1960-жылы туулган;
37. Чойбекова Роза 1956-жылы туулган;
38. Чылмамбетов Кеңеш 1960-жылы туулган;
39. Эргешов Батыркул 1959-жылы туулган.
Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы паркта 1969-жылдын 4-февралынын түнүндө Киров 8 жылдык мектеп-интернатында болгон кырсыктан каза тапкан 39 окуучуну жыл сайын эскерүү иш-чарасы өтүп турат.