Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айыл аймагынын Алиаскар Токтоналиев атындагы айылы 1924-1925-жылдары негизделген. Айыл Кыргыз ССРнин финансы министринин ысымын алганга чейин Эпкин деп аталган.
Turmush басылмасынын кабарчысына аталган айыл тууралуу А.Токтоналиев айылындагы №5 китепкананын жетекчиси айтып берди.
«Мен бул маалыматтарды клубдун жетекчиси Сагынбекова Жылдыз Ермековнанын жазган тарыхый эмгектерине таянып айтып берем. Орус падышачылыгы Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин кыргыз жерин орусташтыруу максатында борбордук Россиядан орустарды Чүйгө көчүрө баштаган. Алар алгач ушул чөлкөмдөн Калиновка, Кегети, Юрьевка, Горно-Серафимовка, Нижный Серафимовка жана башка айылдарга отурукташкан.
1921-жылы Верный шаарында (Семиреченский) 1-съезд болуп, тоо этегиндеги орустар төмөн көчүрүлгөн. 1925-жылы Эпкин айылына эң биринчилерден болуп Султан аттуу чал көчүп келген. 1930-жылы "Орто -Жол" артели уюштурулуп, Жантаев Аблас башкарма болуп дайындалган. Айтмакчы, Эпкин айылынын кулуну Жантаев Аблас 1926-жылы Канткомдун жиберүүсү менен Бишкекке окууга жиберилген.
1931-1932-жылдары "Эпкин" кооперативи аталып, Саманчы Осмонбеков башкарма болуп, кооперативди уюштурууга активдүү катышкан. Муратбек, Саманчы, Ызагаалы, Мурзакмат, Сулайманкул уулу Сырдыбек, Дайырбек Кармышаков, Алтынкул деген мугалим, Байсабай уулу Дүйшөбай аттуу айылдын активисттери болгон. 1927-жылы 3-июнда азыркы Эпкин айылы курулган жерде "Жылуу-Суу" жаштар союзун уюштурган. 1935-1937-жылдары Темирбек Мадияров "Орто-Жол" колхозуна башкарма болуп иштеди. 1937-1939-жылдары Бугубаев Жапар башкама болгон.
1940-1942-жылдары айылга Украинадан украин элдерин көчүрүп келишкен. Ошондо украин улутундагы бир киши башкарма болуп калды. Айылда баары согушка кетип, эркектер жок болгон. Анда 1942-1944-жылдары Корниенко деген украин башкарма болгон. 1945-1946-жылдары Кара Нияз башкарма болгон. 1945-жылы Эпкин айылы жана Калинин айылы болуп экиге бөлүнгөн. Андан кийин Үркүнчү Артыкбаев, Сабырбек, Исмайыл Эгембердиев, Медет Молдобаев, Эсен Чойбеков, Чотаалы Кулжабаев башкарган.
1950-жылы Калинин менен Эпкин колхозу биригип, Калинин колхозу болгон. Колхозго Зайнидин Ниязов (Сакпай) башкарма болгон. 1951-1954-жылга чейин Байтелиев Зарлык башкарма болуп, биринчи жолу айылга электр жарыгын жана таза суу түтүктөрүн орнотууга салымы зор болгон. 1954-1958-жылдары Абдыразак Шамбетов башкарма болгон.
1958-жылы жаз айларында Калинин колхозу Калинин совхозу болуп аталган. 1958-1960-жылдары Калинин совхозунун биринчи башкармасы Афиджанов деген өзбек киши болуп келген. Ал киши сол колу менен жазчу экен.
1961-1963-жылдары Бокончиев, 1964-1968-жылдары Огинский, 1968-1976-жылдары Жумай Сыдыков, 1976-1977-жылы Мамбетов, 1977-1979-жылга чейин Тенти Искаков, 1980-1990-жылга чейин эң узак башкарма болгон Сагындык Базаркулов иштеди.
1991-жылы Калинин совхозу тарап, убактылуу башкарма болуп калган. Анда 1991-1992-жылдын январына чейин Турдубек Андашев иштеди. 1992-жылы "Эпкин" бириккен кооперативи кайра түзүлүп, Газинур Думанаев башкарма болуп шайлаган. 1994-жылы Болотбек Осмонбеков башкарма болуп шайланды. 1995-1996-жылдары Эпкин айылынын тургундары жер үлүштөрүн бөлүп алышып, майда дыйкан чарба болуп бөлүнүштү. Ал эми Эпикин айылы 1993-жылы Алиаскар Токтоналиев атына өзгөртүлгөн», - деди ал.
Алиаскар Токтоналиев деген ким болгон?
Алиаскар Токтоналиев 1929-жылы 24-майда Эпкин айылында төрөлгөн. Советтик кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРнин финансы министри (1960-1986) болгон. Ташкенттеги финансы-экономика институтун артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Эмгек жолун Мамстрахтын (Мамлекеттик камсыздандыруу) кадрлар ресурстары боюнча улук инспектору болуп баштаган. Алты айдан кийин Кыргыз ССР Финансы министрлигинин турак жай, коммуналдык чарба жана автомобиль транспортун финансылоо башкармасынын улук экономисти болгон. Тактап айтканда, 23 жашында Каржы министрлигинде бөлүм башчы болгон.
1955-жылы Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы болгон. Аталган облус Ош облусуна кошулгандан кийин Ош облусунун каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. 1960-1985-жылдары Кыргыз ССРнин финансы министри болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында Кыргыз ССРнин финансы-чарбалык системасы динамикалуу өскөн.
Алиаскар Токтоналиев республиканын эң жаш министр катары Кыргызстандын тарыхында калды. Ал отуз жашында 1960-жылдын февраль айында Кыргыз ССРнин Финансы министрлигин жетектеп, бул кызматта 26 жылга жакын иштеген.
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев белгилегендей, Токтоналиевдей инсандар Кыргызстандын тарыхында түбөлүк калууга тийиш. «Аларды урпактары билип, эстеп жүрүш керек. Анткени мындай инсандар улуттун каймагы, сыймыгы» деп кезинде билдирип кеткен.
Айылдын инфратүзүмү:
А.Токтоналиев айылында 10 көчө жайгашкан. Алар: Түмөнбай, Сагындык, Чоталы, А.Чокоев, А.Токтомбаев, Мадияр, Найзабек, Орозалиев, З.Ниязов, Солтонкул, С.Рыспаев, Абдрасак, Султаналиев.
Айылда мектеп, ФАП, бала бакча, китепкана, маданият үйү жана башка социалдык объектилер бар.
А.Токтоналиев айылында 2025-жылга карата эсеп менен 2400 киши, 400 түтүн жашайт. Айылда негизинен мал чарбачылыгы жана талаачылык менен алектенишет.
Аталган айылдан бир катар окумуштуулар жана башка кесиптин ээлери чыккан. Кезинде өлкөгө белгилүү болгон Алиаскар Токтоналиев (Эпкин) айылынын тургундарынын тизмесин аймактык кабарчыга А.Токтоналиев айылындагы №5 китепкананын жетекчиси айтып берди.
Алар:
1. Алиаскар Токтоналиев — союз убагында 25 жыл финансы министи болгон;
2. Айдаркан Молдокулов — Илимдер академиясынын вице-президенти, экономика илидердин доктору, профессор;
3. Самаркул Рыспаев — Кыргыз ССР ИИМнин эмгек сиңирген кызматкери жана СССРдин ички иштеринин эс комиссиратынын (НКВД) кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы;
4. Сардарбек Султаналиев — Кыргыз Республикалык даражадагы ардагери;
5. Асанбек Токомбаев — 25 жыл Кыргыз телерадио боюнча комитетинин төрагасы;
6. Аблезим Ниязов — Кыргыз Левитаны деген наамга татыктуу болуп, 45 жыл Кыргыз телерадиосунда диктору;
7. Токтобүбү Шаршенова — 40 жыл Финансы министрлигинде эмгек кылып, Кыргыз Республикасынын финансысынын эмгек сиңирген кызматкери болгон;
8. Бүбүанар Абдрахманова — илимдин адамы, КЭУда кафедра башчысы, профессор;
9. Кулумбүбү Алиева — эки жолку Жогорку Советтин депутаты, «Баатыр эне», «Эмгек Кызыл Туу» орденин ээси;
10. Ниязов Тургунбек Зайнидинович — Кыргыз Республикасынын Улуттук университетинин доценти, география факультетинин ардактуу профессору, декан.
11. Шаботоев Алымкул Эрмекович — 1969-2002-жылга чейин Кыргыз ССР ИИМ аткаруу эмгек мекемелеринин башкармасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгында иштеген.
12. Сагынбеков Насридин Каныметович — Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун ардактуу кызматкери, Чүй облусунун «Кеменгер» наамынын ээси, 46 жыл стамотолог–ортопед болуп Токмок шаарында иштеп келе жатат.
13. Токомбаева Айсулуу Токомбаевна — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, балерина.
14. Шаботоев Руслан Алымович Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты. Медицина институтунун кызыл диплом менен ординатурасын аяктаган.