Turmush — Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жашаган Наргиза Кушанова карышкырды тирүүлөй кармап алган окуясы менен көпчүлүктү таң калтырды.
Анын айтымында, жапайы жаныбарлардын жүрүм-турумуна кызыгуусу бала кезинен башталган. Атасы менен жайлоого көп чыгып, мал кайтарып жүргөндө карышкырдын изин таанып, жүрүш-турушун байкоого көнгөн.
«Бала кезимден атамды ээрчип, мал айдап жайлоого көп чыкчубуз. Карышкырдан же башка жапайы жаныбардан коркуу сезими менде жок. Ат үстүндө жүргөндө карышкырга көп жолуктук, бирок эч качан чоочуп же кыйкырып жиберген эмесмин. Тескерисинче, кайсы тарапка кетти, кайсы тоону көздөй беттеди деп изине түшүп байкап калчумун. Карышкырды кармоо оңой эмес: жырткыч өтө сак келет, кичине эле жаңылыштык кетсе, адамга кол салышы мүмкүн.
Карышкырдын аң-сезими адамдыкына салыштырмалуу болгону 10 пайызга гана төмөн дешет. Ошондуктан ал оңой менен колго түшпөйт. Капканга түшүп калганда да айла-амалын издеп, кээде бутун чайнап үзүп, качып кеткени да болот.
Силер көргөн видеодогу карышкырды мен 3–4 жыл мурун бир күндүн ичинде кармагам. Жайлоодо жүргөн кезде карышкыр малга улам-улам зыян келтирип жаткан. Ошондо акырын изине түшүп, анын баскан жолун таап, капканды жер менен бирдей кылып көмдүм. Үстүнө жука топурак сээп, такыр билинбегидей кылып орноттум. Күн бата үйгө кайтып, эртеси багымдат намазынан кийин капканды текшерүүгө чыктым. Барсам, капкан ордунда жок экен. Демек, карышкыр капканга түшүп, аны сүйрөп кеткенин ошол замат түшүндүм.
Сууну бойлой издеп бардым. Мен жеткенче чоң итим да барып, карышкырды бир аз талап коюптур. Анан кайра короого келип, карышкыр капканга түшкөнүн үйдөгүлөргө айттым. Өзүм айры таяк менен башын басып бердим, кайним болсо оозуна сыртмак салды. Ошентип карышкырды тирүүлөй кармап алдык.
Карышкыр арткы буту менен капканга түшсө, кээде бутун чайнап үзүп, качып кетип калат. Ал эми алдыңкы буту менен капканга түшсө, кете албайт. Анткени алдыңкы бутун үзүп салуу кыйын», — дейт Наргиза Кушанова.