Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун төртүнчү каарманы — Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылынын 19 жаштагы тургуну Советова Бегайым Мирлановна.
Саламатсыздарбы! Мен Советова Бегайым Мирлановна. Тоосу асман тиреген Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында төрөлүп-өскөм. Азыркы учурда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман институтунун телематика кафедрасында 2-курста билим алып жатам.
Нарын району Нарын облусундагы 5 райондун катарына кирет
Район Ички Тянь-Шанда жайгашып, аймагынын 70 пайызын тоо кыркалары ээлейт. Райондун жалпы аянты 10 миң 50 чарчы чакырымды түзөт. Калкынын саны 52 миң 500 адам. Район 12 айыл аймагын жана 33 кыштакты камтыйт. Айылдар негизинен Нарын дарыясынын жээгинде жайгашканы менен белгилүү.
Нарын району 1930-жылы уюшулган. Кийинчерээк, 1957-жылы Куланак району менен биригип, 2004-жылы Нарын облусундагы 5 райондун катарына кирген. Район деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте орун алып, климаты кескин континенттүү жана кургак болуп эсептелет.
Нарында жада калса дарбыз өстүрүшөт...
Климаты башка аймактарга салыштырмалуу жайкысын күндүн тийүүсү мол болгондуктан, жайытка, тоют өсүмдүктөрүнө жана жашылча-жемиш өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Ошондуктан жергиликтүү тургундар негизинен дыйканчылык менен алектенишет.
Айрым башка жактын адамдары: «Силерде жада калса алма да өспөйт» деп айтышат экен. Бирок бул туура эмес. Бизде дарбызга чейин өстүргөн дыйкандар болгон. Жалпысынан көп нерсе жакшы өсөт. Мисалы, Ат-Башы району картошка өстүрүү менен белгилүү болсо, биз жакта помидор, картошка, алма, алмурут, сарымсак сыяктуу түшүмдөрдүн түрү арбын. Ошондуктан «Биз Кудай берген берекелүү жерде жашайбыз» десем жаңылышпайм.
Барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн эл
Нарын районунун, дегеле Нарын облусунун эли да өзгөчө. Бул жактын адамдары сөзгө чечен, токтоо, салмактуу келишет. Айрым жерлерде «атака кылуу», өзүн көрсөтүү көбүрөөк байкалса, биздин эл жөнөкөй, кең пейил, меймандос — барга көппөйт, жокко чөкпөйт. Жоктон бар кылып, барга каниет кылып, тынч мүнөз менен жашоосун алып кеткен эл. Мындан тышкары, кыргыз тилин ыйык көрүп, аны кадырлап жашайбыз: аралаш жашаган улут өкүлдөрү да кыргызча сүйлөп, кыргыз маданиятына ыктап кеткени көп кездешет.
Сулуулар көп Нарынымда жердеген
Нарындын кыздары жөнүндө да эл арасында көп айтылат. Муну төмөнкү ыр саптары да тастыктайт:
«Сулуулугу табияттан берилген,
Суугун артып, көргөн көздөр жеңилген,
Суугуна чыдап, ысыгына чыдаган,
Сулуулар көп Нарынымда жердеген».
Кыргызда «Аял алсаң Нарындан, ач калбайсың карындан» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Чынында эле нарындык кыздар эмгекчил, чыдамкай келет. Менин ишенимимде, суукка чыдаган адам жашоонун кыйынчылыгына да чыдай билет.
Мисалы, башка жакта кыздарын эч жакка бергиси келбейт экен. Бирок тескерисинче нарындык кыздарды көп жерден талашып алып кетишет. Нарындын кыздары Ошко барбасын же Чүйгө барбасын, кайсы жерге барбасын, сөзсүз өзүнүн тиричилигин тың алып кетет: сыртта тың, жоопкерчиликтүү болуп, үйдүн ичинде камкор аял болуп, үй-бүлөнүн уюткусун сактай билет.
Куланак ГЭСи пайдаланууга берилүү алдында турат
Баарыбызга маалым болгондой, Нарын районунда Ат-Башы ГЭСи иштеп, 40 миң киловатт электр энергиясын өндүрөт. Биз үчүн эң сүйүнүчтүү жаңылык — 2022-жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен мен төрөлүп-өскөн Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушу башталган. Буюрса, ал жакынкы жылдары ишке берилери күтүлүүдө.
Куланак ГЭСи толук пайдаланууга берилсе, элеттеги жердештерибизге жана жалпы райондун калкына чоң пайда алып келет деген ишенимдебиз. Анткени жаңы жумуш орундар түзүлүп, жергиликтүү эл үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңеймекчи.
Ошондой эле бул ГЭС саатына 1000 киловатт электр энергиясын өндүрөрү айтылууда. Азыркы тапта мындай жакшы жаңылыктарды угуп, чындап сүйүнүп турган чагым.
Нарын районунун атылышынын келип чыгуу тарыхы
«Нарын» сөзү алгач Нарын дарыясынын аталышы катары колдонулган. Дарыянын айрым жерлери кууш келгендиктен, бул аталыш «кууш жерден аккан суу» деген маанини билдирет деп айтылып келет. Айрым түшүндүрмөлөрдө бул сөздүн түпкү мааниси монгол тили менен да байланыштырылат. Кийинчерээк «Нарын» аталышы облуска жана районго ыйгарылган.
«Манас» эпосунда да Нарын сөзү кездешет. Манас атабыз Алтайдан Ала-Тоого көчүп келген учурлар баяндалган эпизоддордо, анын ичинде катаганга байланышкан Кошой окуясында бул аталыш айтылат. Буга чейин бул аймак «Теңир-Тоо» жана «Суушо» деп да аталганы айтылат. «Суушо» деген сөз «суунун башы», «суунун мекени» деген мааниге жакын. Уламыштарга караганда, ошол окуялардан кийин Манас атабыз бул Теңир-Тоого «Нарын» деген аталышты берген делет.
Айрым булактарда «Нарын» сөзү «майда тууралган кара кесек эт» деген маанини да билдирери белгиленет. Мындан улам Нарын жергесин «мал киндиктүү» аймак деп атап жүрүшкөнү бекеринен эмес болсо керек.
Тарыхчылар жана изилдөөчүлөрдүн айтымында, «Нарын» аталышынын мааниси эки нукта түшүндүрүлөт: бири — «кууш» деген түшүнүккө байланыштуу, экинчиси — тамак-ашка байланышкан түшүндүрмө. Ошондуктан бул эки вариантты тең туура деп карасак болот.
Нарын районунан чыккан атактуулар
Ал эми атактуулардан айта турган болсок, Нарындын даңкын тээ алыска чыгарган инсандардын бири катары булбул үндүү Тамара Жумакаева апабызды белгилесек болот. Ошондой эле куудул, акын жана жазуучу Күмөндөр Абылов, сатирик-куудул Келдибек Ниязов да Нарын жергесинен чыккан.
Азыркы учурда спорт тармагы өзгөчө өнүгүп жаткан мезгилде жаш балдарыбыз Эрназар Акматлиевди кумир тутуп, анын күрөшүн кызыгуу менен көрүшөт. Жада калса мен өзүм да анын беттештерин байма-бай көрүп турам. Мындан тышкары, эң популярдуу актерлордун бири Эмил Эсеналиев да Нарын районунан чыккан.
Көз жоосун алган кооз жерлер
Башында «суунун мекени» деп айтып өткөндөй, биздин аймакта суулар өтө көп. Алардын эң негизгилеринин бири — Нарын дарыясы. Нарын дарыясы Кыргызстандагы эң мол суулуу жана эң узун дарыялардын катарына кирет. Ал Фергана өрөөнүнө чейин агып барып, андан ары Сыр-Дарыяга кошулат. Айрым маалыматтарда дарыянын узундугу 5035 километр деп көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда Нарын дарыясы кооптуу, агымы күчтүү болгондуктан, эл ичинде «кандуу дарыя» деп да айтылып жүрөт. Ага түшүп кеткен адамдын аман чыгышы оңой эмес.
Биз сыймыктанган дагы бир керемет жер — Ички Тянь-Шанда жайгашкан Соң-Көл. Башка көлдөргө салыштырмалуу Соң-Көлгө келген туристтердин саны азыраак. Себеби ал бийик тоолуу аймакта, шарттары катаал болгон түздүктө жайгашкан. Айрым маалыматтарда көлдүн аянты 237 чарчы метр деп айтылып келет. Соң-Көл аймагында 60ка жакын канаттуулар мекендейт. Ушундай мемиреген кең түздүктө жайгашкан Соң-Көлүбүз бар.
Мындан тышкары, биздин аймакта Кара-Суу деген жер да бар. Ал жактан жер астынан булак суу чыгат. Бирок учурда булак аймагы талаптагыдай каралбай калган. Эгер бул жерге көңүл бурулуп, дарылоочу-эс алуу жайы катары уюштурулса, Нарын районунун туризмин өнүктүрүүгө чоң салым кошмок. Жер астынан чыккан бул сууну угуп, аны издеп келгендер көп. Айрыкча, аллергия сыяктуу тери оорулары чыккан учурда бул сууну колдонсо, шыпаасы тиет деп ишенишет.