Turmush — «Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — Дарья Ярмоленко. Ал жолдошу Эрнис Камаридин уулу менен интернет аркылуу таанышып, аралык жана сыноолорго карабай үй-бүлө куруп, учурда Бишкекте жашап жатышканын Turmush басылмасына айтып берди.
«Мен 2000-жылы Украинанын Сумы шаарында төрөлгөм. Билимим боюнча архитектормун. Эрнис болсо 1998-жылы Кыргызстанда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүткөндөн кийин иштеп жүрүп, кийин Түштүк Кореяга акча табууга кеткен.
Эрнис менен тааныша электе эле, эжем экөөбүз көптөн бери Кореяга барып көрүүнү кыялданып жүрчүбүз. Бирок каражат жетишпей, ал кыял улам кийинкиге жылып отурган.
2020-жылы окуп жүргөн учурумда тагдыр бизди Instagram аркылуу Эрнис менен тааныштырып койду. Ал кезде Эрнис Кореяда жашачу. Баарлашуу жеңил башталган — жөн гана достук, эч кандай чоң үмүт, алдын ала плансыз. Бирок бир нече күндөн кийин күн сайын сүйлөшө баштадык — видеочалуулар, каттар, колдоо… убакыт айырмасына жана миңдеген чакырым аралыкка карабай байланыш үзүлгөн жок. Аралык өтө алыс көрүнчү. Украина менен Корея — эки башка дүйнө. Ошентсе да экөөбүз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз.
Украинада согуш башталганда, болжол менен 7 ай мекенимде калдым. Ошол убакта Эрнис мага моралдык жактан дайыма колдоо көрсөтүп турду. Дал ошол маалда мен чечкиндүү кадам жасап, виза алып, Кореяга учуп барууну чечтим.
2022-жылы биринчи жолугушуубуз болду. Жарым жыл чогуу болуп, бири-бирибизди эми экран аркылуу эмес, чыныгы жашоодо таанып-билдик. Бул айлар мамилебиздин бекемделген, ишеним күчөгөн мезгили болду.
Кийин ата-энелер менен сүйлөшүү маселеси чыкты. Эки тарап тең улут жана дин айырмачылыгына байланыштуу тынчсызданышты. Күмөн, көз жаш, узак талкуулар болду. Бирок акырында туугандар тандообузду кабыл алышты.
Мен Ислам динин кабыл алдым, Кореяда никебиз кыйылды. Аземге Эрнистин ата-энеси катышты. Бул окуя биздин үй-бүлө үчүн маанилүү жана кубанычтуу учур болду. Андан кийин дагы 2 жылдан ашуун Кореяда күн кечирдик.
2025-жылдын февраль айында Кыргызстанга көчүп келүүнү чечтик. Жолдошумдун үй-бүлөсү, туугандары жана анын мекени менен жакындан таанышууга шарт түзүлдү. Ошол эле айда биз үчүн эң кубанычтуу жаңылык билинди — үй-бүлөбүздө наристе күтүлүп жаткан», — деди ал.
Эрнис менен Дарья өлкө ичинде саякаттап, маданиятты, салт-санааны үйрөнүп, туугандар менен таанышууда. Дарья жаңы маданиятка жана тилге көнүү оңой эмес экенин айтат, бирок жолдошунун колдоосу бардык кыйынчылыктардан өтүүгө жардам берип жатканын белгилейт.
«Биз кандай жагдай болбосун бири-бирибизди колдойбуз, кубаныч жана кайгы-капаны тең бөлүшөбүз. Мен үчүн кыргыз маданиятындагы үй-бүлөлүк баалуулуктар өзгөчө маанилүү болуп калды — улууну урматтоо, жакындарга кам көрүү, балдарга жылуу мамиле. Ушул принциптер үй-бүлөнү бекемдеп, жашоону да гармониялуу кылат.
Мурда биз видеого тартуу жана социалдык тармактардагы чыгармачыл долбоорлор менен активдүү алектенчүбүз. Азыр негизги көңүл балага бурулуп калды. Бирок акырындык менен сүйгөн ишибизге кайтып, Instagram жана TikTok үчүн кайрадан контент тарта баштадык.
Негизги пландарыбыз — ынтымакта жашоо, өнүгүү, сүйүүнү жана урматтоону сактоо. Кээде ишене албайм, биздин таанышканыбызга 6 жыл болуптур. Жолубуз оңой болгон жок, бирок ошол жол бизди күчтүү кылып, бири-бирибизге дагы жакындатты», — деп бөлүштү Дарья.
Учурда жубайлар 1 уулду тарбиялап жатышат.