Turmush — Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, курулуштун башталышына 17-апрелде коргоо министри, район жетекчилиги, аскер комиссариатынын өздүк курамы, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери катышты. Аталган имарат 2 кабаттан туруп, бардык шарттар каралган. Курулуш иштери 2026-жылдын IV кварталында пайдаланууга берилмекчи.
Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын имараты 1972-жылы курулган.