Turmush — Сузак районуна караштуу Жашасын айылынын 63 жаштагы тургуну Кубанычбек Алмаматов мергенчилик менен алектенгенине 20 жылдан ашты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, бул анын хоббиси. Мергенчиликке чыкканда өзүнөн 15-20 жаш кичүүлөрдөн да алда канча бат басат. Аң улоого кызыккандарга жол көрсөтүп, билген билимин аябайт. Мергенчиликке чыкканда 30 чакырымга чейин жөө баскан учур болот. Азырынча бийиктикке чыгууда кыйналып, чарчап, үйүнө кайткан учур боло элек. Жерге кар түшкөндөн тарта тиешелүү тармактын берген уруксатына ылайык, аңчылыкка чыгууну баштайт.
Сузак, Базар-Коргон, Тогуз-Торо райондору боюнча аңчылыкка чыгууга жолдомо алган. Ушул аймактарга чыгып жатат. Өткөн аптада командасы менен Сузак районунун Жийде айылы тарапка жергиликтүү элдин чакыруусу менен барып, чөө атып келишти.
«Бүгүн Ачы тарапка чөөлөрдү жок кылуу үчүн биздин команда келишти. Койчулардын же жергиликтүү элдин чакыруулары менен да барып турабыз. Карышкыр, чөө атууга чек коюлган эмес. Былтыркы жылы 130 чөө атып тапшырганбыз. Быйылкы жылдын кышында 27 чөө атылды. Чөөлөр деле ит сыяктуу эле бат көбөйө беришет экен.
Аптанын 2-3-күндөрү «тынчтык күн». Ошол күндөрү чыгууга болбойт. Азыркы тапта канаттууларга кекилик атууга уруксатыбыз бар. Мөөнөтү 28-январда аяктайт. Эмнеге аң улоого чыксак, ошого жолдомо сатып алабыз. Жапайы жырткычтарды жок кылууга биздин балдардын салымдары чоң. Өткөндө 4 карышкырды кармаган да биздин балдар болду. Элдин мал-жандыгына тийип, зыян келтирмек», - деди ал.
Каарманыбыз мергенчилик адам баласы үчүн эң чоң спорт экенин белгиледи. Аңчылык, мергенчилик кыргыздын канында бар кесип деп эсептейт.
«Мергенчилик адамды эрктүүлүккө, күчтүүлүккө, чыдамдуу болууга тарбиялайт. Кардын калыңдыгынан ат баспай калат. Андайда өз чеберчилигиң менен жагдайдан чыгышың керек. Тердейсиң, бутуң сууга толот, үшүйсүң. Бирок олжого жеткенде баары унутулат. Колго түшкөн олжону бышырып, баарыбыз биригип бир тиштемден болсо да бөлүшүп жеп тарап кетебиз. Үйгө алып кеткидей деле чоң олжолор болбойт.
Мергенчиликтин азарты башка. Аны сөз менен тушүндүрө албайм. Мергенчилик ата-бабалардан калган кесип. Кызыккан анан чыдагандар гана чыга алат. Физикалык кыймыл көп. Адамдын ден соолугу да мыкты болот», - деди ал.
Кубанычбек Алмаматов биринчи жолу 1989-жылы мергенчиликке чыгып, карышкыр атып алган.
«Айылда Мадан, Камбар деген кишилер бар. Ар кимибиз өз алдыбызча мергенчилик кылып жүрдүк. 8 жыл алдын айылдаш дагы бир мергенчи бала экөөбүз айылдагы мергенчиликке кызыккан, уруксаты бар балдардын башын бириктирип, «Жашасын сила» деген топ тузүп алганбыз. Азыр ушул топтогулар башка айылдагы элдин чакыруулары менен барып чөө атып келебиз. Ар ким өз чөнтөгүнө жараша жолдомо сатып алышат. Ошого жараша чыгышат. Арада 2 жылдай Россияда жүрүп калдым. Ал жакта өрдөктөрдү көрүп мергенчиликтин кумары кармады.
Мергенчиликте айрыкча тайгандардын орду чоң болот. Кармай турган олжону чыргайдан чыгарып берет. Менин өтө акылдуу Учар деген тайганым бар болчу. Ошол адам жетип барганга чейин эмне олжо болсо кадам жылдырбай кармап турчу. Былтыркы жылы унаа сүзүп кетип өлдү. Азыр 2 тайганым бар. Мен куралымды алганда унаага чыгып олтуруп алышат. Бизге ат менен ит канат болуп берет. Мергенчиликти болсо уруксат алган жеринде гана жүргүзөсүң. Куралдарыбызды милиция жылына 2 ирет текшерип турат. Ал коопсуз жерде сейфте сакталышы керек. Балдарга сактоо нормалары боюнча айтып маалымат берип турам. Кызыккандарга жол-жобосун айтып берем. Биздин жаш деле улгайып калды. Мергенчиликке кызыккан балдарга туура багыт берип коюш керек деп ойлойм», - деди ал.
Мергенчи 3 баланын, 10го жакын неберенин атасы.