Turmush — 85 жылдан ашык тарыхы бар Ош мамлекеттик университети — президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде өзгөчө макамга ээ болгон саналуу жогорку окуу жайлардын бири. Бул макамдын арты менен университет ички түзүмүн, кадр саясатын, окуу программаларын жана финансылык иштерин өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал иштердин жыйынтыгы, акыркы жылдары жана 2025-жылы жетишилген ийгиликтер тууралуу ОшМУнун ректору, физика-математика илимдеринин доктору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич менен маектештик.
- 2025-жылы Ош мамлекеттик университети «QS Rankings Asia 2026» рейтингине кирген 1526 окуу жайдын ичинде 316-орунга жазылып, Борбор Азияда 74 университеттин ичинде 22-позицияны ээледи. Ошондой эле «QS’тин» туруктуулук боюнча рейтингине 2022 университет кирип, ОшМУ курчап турган чөйрө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду ээлеп, башкаруу боюнча 1107-позицияга жазылды. Жалпы жыйынтыгында «ТОП-1500» деген тизмеге кошулду.

ОшМУ 2019-жылдын ноябрь айынан бери физика-математика илимдеринин доктору Кудайберди Кожобековдун жетекчилигинде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
- Өлкөнүн башкы байлыгы жарандары болгон сыяктуу эле, университеттин негизги байлыгы — студенттери, жамааты эмеспи. Кыргызстандагы илимий лидерлердин 10%дан көбү ОшМУда эмгектенет экен. Анда алгач ОшМУнун бүгүнкү курамы жөнүндө айтып берсеңиз.
- Рахмат. Жаңы жылыңыздар менен!
Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылдан башталат. Мындан 2 жыл мурун 85 жылдык юбилейди да белгиледик. Жалпысынан союз мезгилинде Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз педагогикалык институт болуп иштесе, өлкөбүз көз карандысыздыкты алгандан бери президенттин жарлыгы менен университет болуп өзгөртүлүп, бүгүнкү күндө педагогикалык багыттан башка бардык багыттагы адистерди даярдап жатабыз. Бүгүнкү күндө студенттердин саны 50 миңге жетет. Окутуучу-професорлордун курамында 3 миңден ашык мугалим эмгектенет. Жыйырмага жакын фаультет, институттар бар. Бала бакча, мектеп, колледжден тарта, жогорку жагы аспирантура, докторантурага (PhD) чейинки тепкичте бардык багыттагы адистерди даярдайбыз.
Бүгүнкү күндө кайсы тармак болбосун жалпы республикага, чет өлкөлөргө сапаттуу кадрларды даярдоодо биздин университеттин ролу чоң деп ойлойм. Биздин окумуштуулар региондун өнүгүшүнө, жалпы эле мамлекетибизге салымдарын кошуп келишет.
Акыркы мезгилдерде университетке дүйнөлүк рейтингге кирүү талабы коюлган. Дүйнөлүк рейтингдеги 2 критерийдин бири — ушул университетте сабак өткөн профессор-окутуучулук курамдын илимий потенциалы деген түшүнүк бар. Биз ошол багытта көп аракеттерди жасап, 2025-жылдын жыйынтыгы менен эл аралык деңгээлдеги журналдарга илимий макалалары жарыяланган окумуштууларыбыздын саны 381ге жетти.
- Ушул теманы улай, учурда ОшМУ университеттер аралык дүйнөлүк рейтингде канчанчы орунда турганын айта кетсеңиз.
- Мындан 3 жыл мурда Кыргыз Республикасынын перзидентинин жарлыгы менен Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилген. Алардын бири — Ош мамлекеттик университети. Муну менен университеттерге өз алдынча иштерди жүргүзүүгө президент тарабынан шарт түзүлдү. Булар — окуу процессин уюштуруу боюнча академиялык чечим, финансылык, башкаруучулук.
Бирок ошол эле учурда мамлекет тарабынан тапшырмалар да коюлган: 4-муундагы университетке трансформация болушуңар керек, ошол эле учурда дүйнөлүк «QS» рейтингинде жок дегенде Азиядагы университеттердин арасында 500 университеттин арасына киришиңер керек.
Биз 3 жылдын ичинде аракетибизди жасап отуруп, Азиядагы «ТОП-300» тизмеге киргенге мүмүкүнчүлүгүбүз болду. Университеттердин бул рейтинги эмнеден келип чыгат? Дүйнө жүзүндө университеттер абдан көп жана ар бир университет мыкты экенин айтат. Ал эми дүйнөлүк таанымал уюмдар жыл сайын университеттердин рейтингин чыгарат. Ошол дүйнөдө таанымал 3 уюмдун бири — «QS». Ушул уюм 2025-жылдын аягында Азиядагы университеттердин 2026-жылдагы рейтингин жарыялады. Биз ушул 2026-жылдагы рейтингде 311-позицияны ээледик. Муну менен 2025-жылга салыштырмалуу позициябыз дагы бекемделди. Себеби 1,5 миңден ашык университет ошол рейтингге кирди. Тактап айтсак, рейтингге кошулган 1500 университеттин ичинен ОшМУ 311-позицияны ээлеп жатат. Ошол эле учурда ал жерге кошулган Орто Азиядагы университеттердин арасында ОшМУ 22-позицияда турат. Дүйнөдөгү абитуриенттер окуу жайды тандаганда ушул рейтингде барбы деген критерийлер менен тандайт. Демек чет өлкөдөн келген студенттердин санын көбөйтүүгө да өбөлгө түзүлүүдө.
- Алдыда 4-муундагы университет болуу планын койгон жогорку окуу жайда кайсы санариптик платформалар ишке кирди?
- Жалпысынан 4-муундагы университеттер деп коет. Ар бир университет өзү жайгашкан региондун социалдык-экономикалык абалына кандай салым кошот денен маселе кийинки муун жөнүндө. Мисалы, биз Ош шаарында жайгашкандыктан биз жасап жаткан илимий иштер, даярдаган кадрлар ошол регионго канчалык салым кошот деген маселе бар. Эгерде биз салым кошуп жаткан болсок, анда биз 4-муундагы университетке трансформация болуп баратабыз деп айтсак болот.
Мисалы, 1-муундагы университетте окутуу менен гана алектенсе, 2-муундагылар илим менен алектенсе, 3-муунда өндүрүш маселеси келип чыгып, 4-муундагы университет 4 компоненттен турушу керек. Бул: окутуу, илим, өндүрүш жана коммерциализация. Жасаган илимий иштерибиздин бардыгы кайсы бир өндүрүшкө кирип, каражат табууга да мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Ушул багытта бир көрүнүктүү иштерди аткардык деп ойлойм. Анын арасында санариптештирүү иштери да бар. Биз университеттердин ичинен 2011-жылы эң алгачкылардан санариптештирүү аракеттерин жасап, бүгүнкү күндө толугу менен санариптешкен университет болуп эсептелебиз. Андан тышкары университетти санариптештирүүнүн бардык платформаларын өзүбүздүн кызматкерлер, IT академия жасады.
Ошондой эле ар бир факультет, институт өзүнүн багытындагы өндүрүштөрдү жасап, ошолор аркылуу да киреше таба турган мүмүкүнчүлүктөр түзүлдү. Буга мисал — университеттин алдындагы медициналык клиника. Ал биринчиден студенттерге чоң клиникалык база болуп калды. Ошондой эле медициналык кадр даярдаган окуу жайда сөзсүз түрдө медициналык клиника болушу керек деген талап бар. Анда билим алган студенттер студент кезинде эле ошол клиникада иштеп, тыйын таап, бейтаптарды дарылап баштайт. 2025-жылдын аягында ошол клиникада бүгүнкү күндө олуттуу болуп жаткан боор алмаштыруу, бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар жасалды. Бул бир гана региондо эмес, жалпы Кыргызстан үчүн ушундай чоң көйгөйдү чечүүгө университет өзүнүн салымын кошту деген сөз. Бул 4-муунга айлануунун негизги талаптарынын бири.
Биз ушул сыяктуу бардык багыттардагы, мисалы тигүү тармагында, туризм тармагында өзүнчө ишкана ачып, ошол аркылуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Акырындап отуруп студенттерибизди өзүнүн кесибине тиешелүү иштерди аткарууга шарт түзөлү деп аракеттерди жасап жатабыз. Өзгөчө макамдын алкагында бир компонент катары жасалган санариптештирүү багытында министрликтин деңгээлинде отчетторубузду берип, бизден башка дагы 3-4 жогорку окуу жай ийгилик катары биздин платформаны пайдалана баштады.
- Буга чейин ОшМУнун медициналык клиникасынын ийгиликтүү иши тууралуу айттыңыз. Ал жерде уникалдуу операциялар (84) жасалганы тууралуу кызыктуу жаңылыктарды байма-бай угуп жатабыз. Ал кайсы операциялар, алардын уникалдуулугу жөнүндө айтып берсеңиз.
- Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндөгү, чоң шаарлардагы ийгиликтүү клиникалар университеттик клиникалар болот. Медициналык кадрларды даярдаган бардык университеттердин өзүнүн клиникасы болуп, башка жерде чечилбеген маселелер көбүнчө ошол жерде чечилет. Ошол жерде изилдөө иштери да жүрөт. Биз университеттик клиниканы 2020-жылдан тарта акырындан иштете баштап, улам бөлүмдөрдү ачып отуруп, бүгүнкү күндө кордиохирургия, трансплантация бөлүмдөрү ачылды. Азыр анда оор операциялардын бардыгын жасоого шарт түзүлдү. Адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча мамлекет жетекчиси баш болуп тапшырмаларды берип, жакында бул операцияны баштадык. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн операция жасатып келген бейтаптарды да биздин клиникадагы дарыгерлер көзөмөлдөп, карап жатышат.
Анан эл арасында органды алмаштыруу үчүн сөзсүз чет өлкөгө чоң акча менен баруу керек деген стереотип бар экен. Биз акырындап мындай оор операцияны өзүбүздүн өлкөдө эле жасай алабыз деген мүмкүнчүлүктү элге көрсөттүк деп ойлойм. Биз университеттик клиника катары глобалдуу маселелерди чечүүгө аракет жасайлы, келечекте эл арасында: «Бул оорунун маселеси ушул университеттик клиникада гана чечилет» деген түшүнүктү пайда кылалы деген кыялдарыбыз бар. Муну ишке ашыра турган болсок өлкөнүн түштүк аймагы эле эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө кызмат кыла турган чоң клиника болот.
- ОшМУ дүйнө менен байланышкан университет катары студенттерин дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга жөнөтүп жатат. Ошондой эле «Кош диплом» программасы да ишке ашууда. Бул багыттагы маалыматтарды уксак.
- Университеттин алгачкы максаты «QS» рейтингиндеги мыкты позицияга кирүү болгон. Ошол жерде эң чоң 2 критерий бар: академиялык репутация жана илимий потенциал. Андан кийинки эле маанилүүсү — студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү. Ошол багытта студенттерге мүмкүнчүлүк түзүп бердик.
Мен дайыма студенттерге айтам: «Силер Ош шаарында эле жашап, Ош мамлекеттик университетинде билим алып жатып дүйнөнүн бардык университетинен билим алып келгенге мүмкүнчүлүгүңөр бар». Мисалы, ар бир семестрде биздин өнөктөш университеттерге бара турган болсо, 4 жыл чет өлкөгө барып келгенге мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Биз гранттардан тышкары университеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бекер жатакана, акысыз билим алуу сыяктуу шарттарды жасап койгонбуз. Ошондой эле Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы университет менен кош диплом деген программабыз бар. Студенттер ал университеттен да билим алып келип, аягында эки университеттин тең дипломун алышат. Мындан тышкары Уралдагы медициналык университет менен, Россиядагы 2-3 жогорку окуу жай менен келишимибиз бар.
- Студенттер үчүн стипендия чоң жетишкендиктердин бири. Акчалай сыйлык кайсы бир деңгээлде мотивация болот эмеспи. 2025-жылы ОшМУдан 9 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Андан тышкары университеттин ичинде чоң-чоң суммадагы стипендиялар бар экенин билдим. Мына ушулар тууралуу маалымат берсеңиз.
- Мамлекет тарабынан бюджеттик негизде окуган студенттерге гана стипендия берилет. Бизде контрактык негизде окуган студенттерге жыл сайын берилүүчү президенттик стипендия, окумуштуулардын стипендиясы деген бар. Албетте, студенттер ал нерсени алыш үчүн өздөрүнүн катуу аракетин жасап, көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып, студент кезинен өзүнүн лидердик тарабын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат да.
Сиз «Атуулдук стипендия» жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Биздин университеттин профессору — ушул университетте окуган, өмүр бою университетте иштеген, бүгүнкү күндө 90 жаштан ашкан агайыбыз бар. Ошол агайыбыз тарабынан стипендия уюштурулганына быйыл 10 жыл болоюн деп калды окшойт. Ал мезгилде мен окуу бөлүмүндө иштечүмүн. Ал агай: «Кудайберди, мыкты 5 студентти аныктап берсең, мен айына 100 доллардан стипендия берейин. Кандай дейсиң?», - деп кайрылып калды. Мен таң калып, агай тамашалап айтып жатабы десем чын экен. Көрсө, ошол өмүр бою алган айлыгын чогултуп, ошонун баарын банкка салып, анан ошол банктан түшкөн депозитти стипендияга берсе, негизги сумма азайбайт экен. Бул университет канча жыл жашаса, ошончо жыл жашай турган стипендия болушу керек деди. Мен бул студенттердин Нобель сыйлыгы экен деп атап, ошондон бери уюштуруп келе жатабыз. Быйыл 10 студентке айына 10 миң сомдон бере баштадык. Алар бир жыл бою акчалай сыйлык алышат.
Бул стипендияны алыш үчүн экинчи курстан жогорку студент жалаң «5» деген баага окуп, анан сөзсүз өзүнүн өзгөчөлүктөрү болушу керек. Учурда студенттердин арасында чоң атаандаштык болгон стипендия ушул. Алгачкы стипендианттар азыр чоң жерлерде иштеп жатышат дегендей. Ошол үчүн бул студенттер үчүн эң чоң мотивация деп ойлойм. Мен билгенден биздин университетте гана ушундай «Атуулдук стипендия» бар. Мындан сырткары бир жолу бериле турган ар түрдүү стипендияларыбыз бар.
- Көп багытты камтыган ОшМУ студенттердин талантын, өнөрүн дагы өзгөчө баалайт. Мына ошол өнөр жолунда кандай жетишкендиктер кандай ийгиликтер бар?
- Биздин университет канча жашаса, ошончо жылдан бери искусство факультети иштеп келген. Өз мезгилинде Ырысбай Абдыкадыров окуп, иштеген. Бүгүнкү күндө Жолболду Алыбаев эмгектенип жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жакшы таанылган мыкты ырчыларыбыз, обончуларыбыз чыккан.
Бирок бүгүнкү күндө искусство багыты, дене тарбия тармагы каржысы жетишпеген багыт болуп эсептелет. Биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, бардык чыгармачыл адистерге — ырчы, сүрөтчү болобу бардыгына университет тарабынан каалаган шартын түзүп бергенге аракет жасадык. Бир мезгилде эң көп студент ошол искусство багытында окуп башташы мүмкүн.
- ОшМУнун студенттери чет өлкөлөргө чыгып, өлкөнүн желегин желбиретип жүргөнүн угуп жатабыз.
- Мен 5 жыл мурун ректор болуп келгенде абитуриенттерди чакыруу үчүн ар түрдүү форматтагы иштерди жасадык. Анан университетти жарнамалоо үчүн спорттук команданын орду чоң экенин билдик. Мисалы, волейбол клубун түздүк. Мелдештердин биринде бир партия оюн бүткүчө комментатор 1000 жолу ОшМУ деп кыйкырды. Ошондо башка багыттагы айрым каражатты спортко жумшасак, биз ушул аркылуу элди өзүбүзгө тартканга мүмкүнчүлүк бар экен деп жыйынтык чыгардым.

Ошондон кийин профессионалдык клубдар арасында кичи футбол боюнча командабыз 3 жыл катары менен биринчиликти берген жок. Андан кийин чоң футбол командасын түздүк. Биз баштаган мезгилден баштап мамлекеттик деңгээлде чоң футболго көңүл бурула баштады. Университеттик клуб катары биз ошол 14 клубдун ичинде 6-позицияда болуп жыйынтыктадык. Биздин футболчу 2025-жылдагы эң мыкты чабуулчу деген номинацияны жеңип алды. Жалпысынан Кыргызстандагы бардык клубдарда ОшМУнун командасы менен этияттап ойноо керек деген түшүнүк пайда болду. Олимпиададан 3-орунду ээлеген боксчу жигит биздин бүтүрүүчү. Демек, спорт тармагындагы алгылыктуу иштерибизди уланта беребиз.
- ОшМУнун курулуш тармагында дагы чоң жетишкендиктер бар экен.
- Университеттин союз маалында курулган имараттары бүгүнкү форматка туура келбейт. Ошондуктан заманбап имараттарды куралы деген план болуп, акыркы 5 жылда эле калп айтпасам 10 чакты имарат курулду.
Университетке кирешенин көп бөлүгүн алып келип жаткан медицина тармагына көңүл бурулуп, президенттин буйругу менен Ош шаарынан 2,5 га жер бизге өткөрүлүп берилди. Ошол жерге чоң медициналык клиника куруп жатабыз. Ал жерде заманбап операциялар жасалып, илимий иштер, дарылоо, студенттерди окутуу иштери жүргүзүлөт.
- 85 жылдан ашык тарыхы бар, өлкөбүздүн билим берүү тармагында өзгөчө орунду ээлеген ОшМУнун ректору катары эмне айткыңыз келет?
- Ректор катары университет мыкты экенин, кайсы бир деңгээлде өсүп өнүккөнүбүздү эл аралык уюмдар аркылуу баалоого жеткирсем деген кыялым болгон эле. Өзгөчө макам берип, эми Азиядагы мыкты 500 университеттин катарына киресиңер дегенде мен чынын айтсам сарсанаа болгон элем. Көрсө, чымырканып аракет жасаса, бардык мүмкүнчүлүк болот экен.
Бүгүн биздин негизги максатыбыз — «QS» тизмесиндеги мыкты миңдикке кирүү. Бул дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүш үчүн ар бир студенттен баштап, мугалимге чейин аракет жасашыбыз керек. Ар ким өзүнүн алдындагы жумушун сапаттуу жасоо менен салым кошо алат. Андан кийин беш жүздүккө кошулалы деп план коелу, ошентип бул позицияда чек болбойт.
Дагы бир мисал, мындан 5 жыл мурда «Скопус» («Scopus») базасында биздин мугалимдердин 20 чакты макаласы бар болчу. Бүгүнкү күндө 900дөн ашып, миңге жакындап калды.
Башкаруу багытында кайсы кызмат орду болбосун бардыгы бир жылга гана дайындалат деген эреже киргизилди. 1 жылда аткарыла турган иштин тизмесин бекитип беребиз. Ошол аркылуу талап кылып, эгерде аткарылса, андан ары жетекчи катары ишин улантат. Бул өзүнүн натыйжасын берип жатат.
Андан сырткары окутуучулар үчүн жылдын аягында атайын рейтингдер чыгарыла баштады. Атайын онлайн платформа аркылуу ар бир окутуучу өзүнүн аткарган иштерин көрсөтөт. Мисалы, илимий багыттагы платформада 200 упай чогулта алса, бирдей кызматтагы профессордон 10 миң сомго жогору айлык ала баштайт.
Мисалы, окуу процесси менен байланышкан плотформаны толтуруп бүткөндөн кийин 2000 мугалимдин тизмеси жарыяланат. Эгерде саат жетишпей же орун бошотуш керек болгон учурда эң акыркы позицияда калган окутуучулар боюнча чечим кабыл ала турган механизмдер пайда болду. Ошондуктан ар бир окутуучу сапаттуу сабак өтүп, студенттен «сабакка ыраазысыңбы?» деп сурай турган этапка акырындап бара жатабыз. Себеби рейтингдеги 100 балл студенттердин баасы менен берилет.
Ушул 3 багыттагы ишибизди жалпы республикадагы университеттерге жайылтабыз деген чечимди кабыл алып жатабыз.
- Университеттин жана сиздин ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.