Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түштүк Кореянын Наджу шаарында жашаган Бегимай Каакиева. Ал чет элдеги жашоосу, үй-бүлөлүк салттар, корей коомунун өзгөчөлүктөрү жана аялдарга, балдарга болгон мамиле тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.
«Мен 1996-жылы Талас районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылында жарыкка келген. Атам башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, кийин мектеп директорлугуна чейин жеткен. Тилекке каршы, атамдын көзү өтүп кетти. Апам алгебра жана геометрия сабактарынан билим берет.
Мен 6-класстан тартып №5 компьютердик мектепте окуп, кийин Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин фармация бөлүмүн бүтүрдүм. Бишкекте окуп жүргөндө болочок жолдошум Джинсу (улуту корей) менен таанышым калгам. Курбу кызымдын эжесинин жолдошу корей улутунан болчу. Дал ошол эже биздин таанышып, баш кошуубузга себепчи болуп калган.
Ал убакта окуудан тышкары дарыканада иштечүмүн. Джинсу экөөбүз социалдык тармак аркылуу 6 айдай сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин жолдошум Бишкекке келип, ата-энем жана туугандарым менен таанышты. Кореяга баруу менин кыялым деле эмес болчу, тагдырдын жазганы деп ойлойм», — дейт ал.
Бегимай Түштүк Кореяда жашап жатканына 7 жыл болгон. Алгач 2–3 жыл Сеул шаарында жашашып, бала төрөлгөндөн кийин Наджу шаарына көчүп келишкен. Жолдошу Джинсу жеке компанияда архитектор болуп иштейт. Учурда баласы 7 жашка чыгайын деп калды, бала бакчага барып, мектепке даярдык көрүүдө.
«Кайын журтум менен мамилем абдан жылуу. Кайненем мени башка улуттан деп бөлбөй, өз кызындай көрөт. Дайыма кам көрүп, небересин аябай жакшы көрөт. Биз анын үйүнө барганда, батына албай акчасына ар нерселерди алып берет», — дейт ал.
Кореяда жашоо ага көп жагынан кызык көрүнгөн. Элдин жөнөкөйлүгү, жылмайып учурашканы, улууларды өзгөчө сыйлаганы байкалат. Иерархия абдан маанилүү роль ойнойт.
«Айрым салт-санаалары биздин маданиятка да окшош. Мисалы, мурда кайын журтка барганда тамакты алгач кайнатам, андан кийин кайненем ооз тийип, анан гана биз жечүбүз. Бирок азыр бул салт мурдагыдай көп сакталбай калган.
Кайын журтум биздикине келип калганда, эртең менен эрте туруп тамак даярдап берем. Корей тамактарын анча жакшы жасай албагандыктан, мени бул жагынан көп кыйнашпайт. Негизи эле көбүнчө тамакты даяр буйрутма кылып жешет, анткени дүкөндөн сатып алган менен сырттан буюртма бергендин баасы дээрлик бирдей.
Кореяда улууларды сыйлоо өзгөчө жогору деңгээлде. Иерархия коомдо негизги роль ойнойт, бул жагынан алар бизден да ашып кетет десем жаңылышпайм. Дагы бир өзгөчөлүгү — каада-салттарды катуу сактаганы. Жолдошумдун бир туугандары ата-энеси менен негизинен чоң майрамдарда же ата-энесинин туулган күндөрүндө гана чогулушат.
Мени өзгөчө таң калтырганы — боюнда болгондо аялдарга болгон мамиле. Кош бойлуу аялдарга абдан камкордук көрсөтүшөт: "Эч нерсе кылба, үйдө эс ал, көп стресс болбо" деп дайыма көңүл буруп, абалын сурап турушат.
Ошондой эле фамилия маселеси да кызык. Кореяда бала ата-бабасынан келе жаткан фамилияны сактап калат. Мисалы, "Ким" болсо, ошол фамилия муундан муунга өзгөрбөй, аягына чейин уланат. Биздегидей фамилияны алмаштыруу же өзгөртүү салты дээрлик жок», — дейт ал.
Анын айтымында, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге жардамдар каралган.
«Балдарга өзгөчө көңүл бурулат. Кичинесинен эле китеп окутуп, ар кандай ийримдерге катыштырышат. Көбүнчө таэквандо, пианино, англис тили милдеттүү түрдө окутулат. Мамлекет тарабынан көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге ар кандай социалдык колдоолор көрсөтүлөт. Белек катары атайын купондор берилип, алар менен дүкөндөрдөн керектүү нерселерди алууга болот.
Ошондой эле чет өлкөлүктөр үчүн атайын борборлор иштейт. Ал жерлерде корей тилин үйрөтүшөт, тамак жасоону көрсөтүшөт, зарыл учурда котормочулар жана кеңеш берүү кызматтары бар», — деди ал.
Келечекте Бегимай косметика саткан өзүнүн дүкөнүн ачууну максат кылып жүрөт.
«Бул жакта кыргыз эжелер менен да бат-баттан жолугуп турабыз. Көбү ашканаларда, завод-фабрикаларда иштешет. Мен болсо Кореяга келгенден бери косметикалык компанияда иштеп жүрдүм. Башында тил жагынан кыйналдым, тилди өздөштүрүүгө убакыт кетти», — дейт ал.