Turmush — Тоң районунун алыскы Ала-Баш айылында кайнене менен келин үй шартында ишкерлик кылып, айыл тургундарын тейлеп келишет.
Акжолтой Сатыбаеванын айтымында, айыл райондун борборунан алыс, тоо этегинде жайгашкан.
«Айылыбыз алыскы өрөөндө болгондуктан, үйдө отуруп эле киреше табуунун жолун издей баштадык. Келиним Жылдыз экөөбүз кеңешип, улуттук суусундук болгон бозо салууну чечтик. Мен бул ишти кайненемден үйрөнгөм, ошол ыкмалар менен келиниме да үйрөттүм. Учурда күн сайын 30 литрден ашык бозо салып, элге сатып жатабыз. Кийин ашлянфу да жасап көрөлү деп аракет кылып, аны да жолго койдук. Ошентип, чакан ашканабызда келиним экөөбүз тынымсыз иштеп жатабыз», — дейт ал.
Маалым болгондой, алар бозону салып, сүзүп, бөтөлкөлөргө куюп даярдашат. Андан соң ашлянфуну жасап, сатууга ылайык таңгакташат. Келини бул иштерге толугу менен көнүп калган.
«Үйдө отуруп, үй жумуштарын жасап, неберелерди карап, ошол эле учурда кошумча каражат таап жатабыз. Бош убактыбызда “Хайберт” породасындагы индюктарды жөжө кезинен багып, семиртип сатабыз. Эт багытындагы канаттууларды таза кармап, элге адал сатууга аракет кылабыз», — деди Акжолтой Сатыбаева.
Анын кошумчалашынча, келини да изденип, үй шартында ишкерлик кылуунун жаңы жолдорун үйрөнүп келет. Табылган киреше үй-бүлөлүк бюджетти толуктап, жаман эмес пайда алып келүүдө.
«Азырынча айыл тургундарын камсыздап жатабыз. Келечекте бүтүндөй районго кызмат кылсак деген тилегибиз бар», — деп кошумчалады ал.