Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун каарманы — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылынын тургуну Токсобаева Кумара Ырысбаевна.
Азыркы учурда жеке ишкермин. Эл катары миграциялап жүрүп, кичинекей кезимден тарта соода тармагына аралашып келем. Ушундан улам жеке брендим менен алектенүүнү туура көрдүм. Учурда 1 уул, 1 кыздын бактылуу апасымын.
Өзгөн районунун аталышынын тарыхы
Өзгөн тууралуу айтып кетсем, ал Кыргызстандагы ири райондордун бири. Борбору тарыхка бай байыркы шаарлардын катарына кирет. Белгилүү Өзгөн мунарасы Караханиддер доорунда салынган уникалдуу архитектуралык эстелик болуп саналат. Тарыхый маалыматтарга ылайык, 940–960-жылдары Караханиддерге чейинки Кытай булактарында Өзгөн аймагы “Ю” деп аталган. Ал мезгилде бул аймакта Огуз бий башында турган уруулар жашаган. Анын ысымына байланыштуу шаар “Огуз” деп аталып, “кент” сөзү түрк тилинде “шаар” деген маанини бергендиктен, Караханиддер доорунда “Огуз кент” деген аталышта белгилүү болгон. Убакыт өтүп, аталыш өзгөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин Өзгөн деп аталып келет.
Бүгүнкү күндө шаардын өзүндө ооруканалар, банктар, ар кандай мекеме-ишканалар жана соода түйүндөрү жайгашкан. Ал эми айыл жергесинде эл негизинен дыйканчылык менен алектенип, күрүч өстүрүшөт. Барпы акыныбыз айткандай, “өтүмдүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй” деп, Өзгөндүн күрүчүн өзүнчө даңазалап отуруунун деле кажети жок. Аны Кыргызстанда гана эмес, кошуна өлкөлөрдө да жакшы билишет.
Өзгөндүн кыздары өрт келет...
Түндүктү билбейм, бирок түштүктө “каяктан болосуң?” деп сурашса, “Өзгөндөн болом” десең, көпчүлүк дароо эле “Өзгөндүн кыздары өрт келет” деп коёт. Мен бул сөзгө толук кошулам. Анткени Өзгөндүн кыздары мээнеткеч, турмушта тың, өзүнө гана эмес, жакын адамдарына да тирек боло алган күчтүү мүнөзгө ээ.
Өзбек, орус, немис улутундагы калк жашаган жер
Өзгөн Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан, Караханиддер доорунан бери соода-сатык жакшы өнүккөн. Буга байланыштуу бул аймакта өзбек улутундагы жарандар көп жашайт. Биз алар менен эс тарткандан бери эле чогуу, ынтымакта жашап келе жатабыз.
Менин атам Кара-Дыйкан айылынан. Илгери бул айылда немис, орус улутундагы адамдар да көп болгон. Бала кезимде атам менен көчөдө сейилдеп жүргөндө, Пасха майрамында орус улутундагы карыялар боёлгон жумурткаларды белек кылып бергени эсимде. Ушундай шартта чоңойгондуктан, атам да, чоң атам да орус тилин эркин сүйлөй алышкан.
Аймактагы өзгөчөлөнгөн каада-салт
Элибизде жаңы узатылган кызды кайын журтка узатып кетерде, кыздын апасы менен жеңеси этегине таш же балка бастырып кетишет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайненеси кызга кепкурду тапшырат. Бул салт менин башымдан да өткөн. Менин түшүнүгүмдө, бул ырым кыз барган жеринде таштай батып, суудай сиңсин деген тилек менен жасалат.
Өзгөн мен үчүн...
Адам кайсы жерде төрөлүп, кайсы жерде чоңойбосун, ата-бабасынын жери баары бир өзүнө тартып турат экен. Мен буга өз турмушумда толук ынандым. Өзгөн тууралуу кооз, китептеги сөздөрдү кайталагым келбейт. Чын жүрөктөн айтсам, Өзгөн мага өзгөчө сезим тартуулайт. Өзгөн — менин жашоом, менин келечегим. Мен бактылуу карылыгымды дал ушул Өзгөндөн тоскум келет», - дейт Кумара Токсобаева.