Turmush — Жети-Өгүз районунун Кытай айылынагы 34 жаштагы уста Кылычбек уулу Эмилбек камыштан боз үй жасап чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2013-жылы Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университетти аяктаган. Кесибим боюнча энергетик.
«Устачылык менен бала кезимен бери алектенем. Тилеке каршы атам каза болуп калганына байланыштуу, бала кезимде үйдөгү түйшүк бүт мойнума түшкөндүктөн көптөгөн өнөрлөрдү үйрөнүү керек болду.
Боз үй жасоо идеясы Курандын кыргызчасын окуп жатып, китептин маанисинде айтылганын окуп калдым. «Айланага көнүл бурбайсынарбы, биз силерге бак-дарактарды жаратып бердик ар кандай өңдө» деген маани бар экен. Ошондон улам айлана чөйрөгө көз жүгүртө баштадым. Ошондо табиятты ичинен түшүнө баштадым. Башында чакан парк салып көрдүм, анан табигый боз үй салып көрүү идеясы пайда болду. Апам менен кеңешсем, «жасап көр» деп өзү жардам берди.
Материалына болсо базардан эч нерсе сатып алган жокмун. Жыгач, тактай бүт колго жасалган кол эмгек, ичи-сырты шыбалды, ичи жылууланды, саман төшөлдү, 1 жылдык эмгек десем жанылышпайм. Үстү камыш менен жасалды, боз үйдүн диамтери 7 метр. Өзгөчөлүгүн айта кетсем кышында жылуу болот. Отун аз талап кылынат экен. Уктасаң кадимкидей уйкуң канып сергек болот экенсиң. Өзгөчө таза натуралдуу, химикатсыз нерселер колдонулду», - деди ал.
«Көргөндөр таң калып жатышат. Италиядан 2 турист келген. Бири көзүнө жаш алып «Мен ушул үчүн билет алып, Кыргызстанга ушул үчүн келгем. Мага өзгөчө эмоция тартуулады» деди.
Атын «19-кылымдагы боз үй» деп койсомбу деп жатам. Жөнөкөйлүктү көрсөтөйүн деген максат болду. Илгерки 19-кылымдагы ата-бабаларыбыздын жашоосун чагылдырып келет.
Мындан сырткары эмне жумуш болсо иштей берем. Кечкисин тамак-аш жеткирип (доставка) иштейм», - деди ал.
Уста келечекте этнотуризмди өнүктүрүү каалай турганын айтты.
«Келечекте максаттарым — Кырыгызстандын өнүгүшүнө салым кошуу, этнотуризмди өнүктүрүү. Өзгөчө бир шаар кургум келет. Ысык-көлдө туризм өнүгүп жатат. Бирок мен 7 облусту туризмге байлап кетким келет. Кантип дегенде, Баткенди же Жалал-Абад облусуна бир этношаар кургум келет. Этношаар болсо мисалы Ысык-көлгө келген турист Бишкеке барат, Бишкектен Жалал-Абадга барат. Жалал-Абаддан Баткенге чейин барат. Ошол жерге чейин бензин коротот. Ошол жерге чейин тамак ичет, жеткичекти мейманканага жатат. Ортодо биз экономика туризмин өнүктүрүп кетсек болот. Өлкөгө да бир топ жардам болот. Кыргыз «жыттанган» башкача бир долбоор болмок.Бай тарыхыбыз бар, ошону сактап калсак сонун болмок», - деди ал.
Уста 1 баланын атасы.