Turmush — Өткөн жылы «Евразия» фонду Кыргызстандагы мектептер үчүн 100 даана автобус берген. Анын ичинен үчөө Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагына бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө ошол автобустардын бири Комсомол орто мектебинде окуучуларды ташуу үчүн кызмат кылууда. Turmush басылмасынын кабарчысы элет жериндеги бул кубанычтуу жаңылыкка күбө болуп кайтты.
Жашы 70ке таяган Кубатбек Ташиевдин жумушу таңкы саат 06:00дө башталат. Ал фонд берген сары автобусту жууп-тазалап, айылдан 7 чакырым алыстагы Насос участогуна жөнөйт. Айдоочунун айтымында, ал окуучуларды жакын адамындай көрөт.
«Пенсияга чыккандан кийин үйдө эле жүрчүмүн. Айыл өкмөт башчысынын сунушу менен айдоочу болуп ишке кирдим. Балдар менен иштешкен абдан жагат. Өзүмдүн уулум да ушул айылда жашайт, 2 неберем мектепке каттайт. Алар мени чоң ата десе, калган балдар да чоң ата деп айтышат. Ошентип, бир автобуска толо небере таптым. Күнүнө 4 рейс каттайм. Унаанын майын ата-энелер көтөрүп берет, айыл өкмөт болсо мага айлык төлөйт. Бул автобустун берилгени айыл эли үчүн абдан жакшы болду», - деди айдоочу Кубатбек Ташиев.
Учурда Насос участогунан мектепке туруктуу негизде 63 окуучу каттап турат. Айыл тургуну Айзада бул жагдайдын ата-энелер үчүн кандай мааниге ээ болгонун белгиледи.
«Айылдан мектепке чейинки аралык — 7 чакырым. Мурда балдар жаан-чачында да, кар түшкөндө да жөө катташчу. Ар күнү эртең менен жолго чыкканда кооптонуп турчубуз, анткени айылда ээн жерлер көп, иттер, жапайы жаныбарлар да кездешчү. Күн сайын көрүстөндү аралап өтүшчү. Өткөн жылдан бери автобус келип, баарыбыз үчүн чоң жеңилдик болду», - деди ал.