Turmush — Эртең, 28-ноябрда Бишкек шаарынын борборундагы Beeline компаниясынын башкы кеңсесинде (Ибраимов көчөсү, 115) комплекстүү коопсуздук жумалыгынын алкагында өрткө каршы пландалган иш-чаралар өтөт. Машыгуулар КРнын ӨКМинин Бишкек боюнча башкармалыгы жана борбор шаардын мэриясы менен биргеликте профилдик адистердин көзөмөлү астында уюштурулат.
Күндүн экинчи жарымында эскертүү системасы иштеп, кызматкерлерди эвакуациялоо башталат. Окуя болгон жерге куткаруу кызматтары келип, өрттү өчүрүү жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча имитация өткөрүшөт. Ошондой эле өрт өчүргүчтөрдү колдонуу боюнча тренингдер болот.
Мындай иш-чаралар коопсуздук маданиятын өнүктүрүү боюнча иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Компания чыныгы коркунуч болгон учурда тез, ырааттуу жана профессионалдуу иш алып баруу үчүн дайыма реалдуу сценарийлерди иштеп чыгат.
Beeline шаар тургундарынан тынчтыкты сактоону өтүнөт жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга ыраазычылык билдирет.