Turmush — Түп районуна караштуу Ысык-Көл айыл аймагы Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөт» мамлекеттик сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, 12 млн сомдук байге фонду менен өткөрүлгөн сынак эки категория боюнча уюштурулуп, жалпы айыл өкмөттөр арасындагы жеңүүчү деп Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү табылып, 3 млн сом утуп алды. Сынактын негизги багыттары – калкты таза суу менен камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жакырчылыкты азайтуу, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, ишкердикти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жана инвестиция тартуу.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
Ысык-Көл облусунун беш районунан бирден айыл өкмөт сынакка катышкан. Түп районунан катышкан Ысык-Көл айыл аймагы комиссиянын эң жогорку баасын алганын айыл өкмөт башчысы Урмат Бозгунов билдирди.
Анын айтымында, айыл аймак ирилештирилгенге чейин Михайловка айыл өкмөтүнүн бюджети 5 млн 200 миң сом болгон. Азыркы кезде беш айыл бириккен аймактын бюджети 33 млн сомго чейин көбөйүп, жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
Комиссия мүчөлөрү аймакта 90 гектардан ашык мөмө-жемиш бактары отургузулуп, түшүм берип жатканына күбө болушкан. Бул фактор сынакта жогорку баага ээ болгон.
Ысык-Көл айыл аймагы Ынтымак, Ысык-Көл, Сары-Булуң, Тогуз-Булак жана Михайловка айылдарын камтыйт. 2024–2025-жылдары ички жолдор, таза суу системалары жана социалдык мекемелердин курулуштары ишке ашырылган.
Айыл өкмөт башчысынын маалыматы боюнча:
- Тогуз-Булакка асфальт төшөлдү;
- Ынтымак айылына кичи футбол аянтчалары курулду;
- Михайловкадагы Шевченко мектебинин эшик-терезелери жаңыланды;
- Эки айылда 1 кмден ички жол асфальтталды;
- Эски мектеп имараты бала бакча катары капиталдык оңдолду;
- Республикалык бюджеттин эсебинен 17,5 км негизги жолдун 12,5 кмине асфальт төшөлдү;
- Президенттик фонддун эсебинен сейил бак калыбына келтирилди;
- Михайловкадагы маданият үйү капиталдык ремонттун аяккы стадиясында;
- Беш айылдын генералдык планы даярдалууда;
- Эки айыл боюнча таза суу долбоору иштелүүдө;
2027–2028-жылдары Михайловкага канализация киргизүү долбоору Европалык банк тарабынан каржыланмакчы.
Келечекте көл жээгинде 88 коттеджден турган шаарча куруу долбоору башталары күтүлүүдө.
Айыл өкмөтүндө 10 кызматкер, муниципалдык түзүмдөрдө 16 адис жана «Таза мурас» ишканасында 21 кызматкер эмгектенет.
«Бул жеңиш — жалпы жамааттын эмгеги. Айыл аймактын бардык кызматкерлери бирдикте иштеп, ар бир долбоорго салым кошуп келатышат», - деп жыйынтыктады Урмат Бозгунов.