Turmush — Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму тарабынан эки кичи автобус тапшырылды.
Жаңы автобустар Ч.Иманкулов атындагы мектеп менен А.С.Пушкин атындагы орто мектептин окуучуларын ташууга багытталды.
А.С.Пушкин атындагы мектепте 1381 окуучу билим алат, 76 мугалим эмгектенет. Окуучулардын бир бөлүгү Пристань айылынан жана аскер бөлүгүнөн келип окушат. Мурун окуучуларды ташыган чоң автобус бузулуп, балдардын сабакка убагында жетүүсү кыйын болгон.
«Жаңы автобус берилгени жакшы болду. Эми окуучулар сабакка кечикпей келишет. Жалпы 30 бала ушул автобус менен келет. Автобус 17 орундуу, айдоочунун орду менен. Күнүнө эки рейс менен ташып турат», — деп билдиришти мектептен.
Григорьевка айылында жайгашкан Ч. Иманкулов атындагы мектептин окуучулары да ушул автобустун жардамы менен келүүдө.
«Жалпы 200 бала Корумду айылынан келет, анын ичинен 133ү автобустун жардамы менен, калганын ата-энелери өздөрү алып келип, алып кетишет. Мектепте сабактар 2 кезметте өтөт», — деди мектеп директору Динара Акеелева.
9-класстын окуучусу Айназик Тыныбекова да жаңы автобустун ыңгайлуулугун белгиледи.
«Мен Корумду айылынан келем. Мурда эски автобус менен жүрчүбүз, азыр жаңы кичи автобус берилип жакшы болуп калды. Бирок мектеп жайгашкан Булан-Соготту айылына көп окуучулар келет. Ошондуктан кээде орун тар болуп калат. Кийин дагы чоң автобус уюштуруп беришсе жакшы болот эле. Автобус менен келүү ыңгайлуу, сабакка кечикпей келебиз», — деди ал.