Turmush — Кыргызстанда биринчи жолу «КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоору старт алды.
Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 17 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
- Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
- Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ» долбоорунун алгачкы каарманы — Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Миң-Чынар айылынын 22 жаштагы тургуну Алина Исакова.
«Кадамжай району мага ар дайым өзгөчө жылуу сезимдерди тартуулайт. Анткени бул менин туулуп-өскөн жерим, менин кичи мекеним. Кадамжай районунда Кадамжай жана Айдаркен шаарлары жайгашкан. Шаар тургундары негизинен кеңсе иштери менен болсо, айыл тургундары дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенишет. Биздин район өсүмдүк жана жер-жемиштер арбын өскөн аймак болуп эсептелет. Баткен облусунда өндүрүлгөн күрүчтүн 90 пайызы Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагында өстүрүлөт.
Эң эсте каларлык көрүнүш — бул шаардын тоолордун арасында жайгашканы. Айланаңа көз чаптырсаң — баары тоо, жана алардын ортосунда шаар курулуп калгандай. Шаардын аталышынын өзүнчө уламышы бар. Бизде «Азирет Али» деп аталган ыйык жай бар. Айтылган уламыш боюнча, ошол жерден пайгамбар өтүп баратып, изин калтырган экен. Ошондон улам бул аймак «кадам ташталган жер» деген мааниде Кадамжай деп аталып калган.
Кадамжай районунан көптөгөн эл башкаруучулары жана улуу инсандар чыккан. Алардын катарында Апсамат Масалиев, Абдыкадыр Орозбеков жана Молдо Нияз бар. Мени эң көп шыктандырган тарыхый инсан — Абдыкадыр Орозбеков, анткени ал Кыргызстандын калыптанышына чоң салым кошкон.
СССРдеги эң ири сурма комбинаттарынын бири Кадамжай районунда жайгашкан. Ал жерде орус улутундагы адамдар көп иштешкен. Ошондой эле биздин район Өзбекстан менен чектешкендиктен, ал жактагы эл менен да катташып, кыргыз, орус жана өзбек улутундагы адамдар аралашып, достук жана биримдикте жашап келишкен», - деди ал.
Алина Исакова Кадамжайдагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору менен бөлүштү.
«Көйгөйлөргө токтолсом, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл. Анткени бала бакчаларда да, мектептерде да мугалимдер жетишпейт. Эл арасында айтылгандай, эң башкысы — үйдөгү тарбия жана мектептен алган билим. Азыркы учурда билим сапаты абдан төмөндөп кеттти. Эгер бул тармакты өнүктүрүп, мугалимдердин жетишсиздиги чечилсе, жаш өспүрүмдөрдүн келечеги кең болооруна ишенем. Ошондой эле суу, жер жана технология маселелери да бар. Жалпысынан алганда, бардык мүмкүнчүлүктөр шаарларда топтолуп, райондорго жана айыл аймактарга жетпей калууда.
Миграция маселесине токтолсом, статистикага ылайык, башка облустарга салыштырмалуу эң көп чет өлкөгө чыккан тургундар Баткен облусунан болот экен — болжол менен 30 пайызга жакыны. Мурда биздин райондон негизинен Россияга иштегени кетишсе, азыркы учурда Америкага жана Англияга да сезондук жумуштар менен чыгып жатышат. Көбүнчө миграцияга жаштар кетүүдө.
Биз азыр Кыргызстанда жүрүп, өзүбүздүн райондун, өзүбүздүн жердин жүзү болуп келсек, чет өлкөгө чыкканда — биз Кыргызстандын жүзү болуп чыгабыз. Ошондуктан ар бирибиз барган жерибизде сыймыктануу менен «мен Кыргызстандан болом, мен ушул райондон болом» деп айта алган адам болушубуз керек деп ойлойм.
Кыргызстан мага эмне берди деп эмес, мен мамлекетке эмне кылып бердим деп ойлонгон адам көбөйсө, анда Кыргызстан тез эле өнүгүп кетет деп ишенем», - деди ал.