Turmush — Чүй облусунун Панфилов районундагы Эфиронос айылынан чыккан жерде бир нече унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, жом (шекер кызылчасынын калдыгы) ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын жүгү жолго чачылып кеткен. Айдоочулардын божомолунда, дал ушул чачылган жүк жол кырсыктарына себеп болушу мүмкүн.
Окуя болгон жерде бир нече унаа кырсыкка кабылган — анын ичинде бир микроавтобус, «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана оодарылып кеткен жеңил автоунаа бар.
Учурда кырсыктын себептери жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.