Turmush — Кадамжай району 1938–1991-жылдары Фрунзе району деп аталып, 1991-жылдын 12-мартында Кадамжай району болуп өзгөртүлгөн.
Кадамжай районунун административдик-аймактык түзүлүшүнө ылайык, райондук маанидеги 2 шаар — Кадамжай жана Айдаркен бар. Ошондой эле Бирлик, Орозбеков, Исхак-Полот хан, Молдо Нияз, Ак-Турпак, А.Масалиев, Үч-Коргон жана Майдан болуп 8 айыл аймак кирет.
Жалпы 114 айыл бар, алардын ичинен 53ү чек арага чектеш. Калктын жалпы саны 2025-жылга карата 214 миң 635 адамды түзөт.
Жергиликтүү эл негизинен дыйканчылык, айыл чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Райондо 51 мектепке чейинки мекеме, 87 орто мектеп иштейт.
Аймактын Кадамжай деп аталышынын өзүнчө тарыхы бар.
Элдик уламыштарга ылайык, болжол менен 1400 жыл мурун пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) күйөө баласы — Ислам динин жайылтууда чоң эмгек сиңирген Али ибн Абу Талиб ушул аймакка келген. Ал намаз окуган учурда таш көлкүлдөп ээрип, тизеси батып, изи калган. Ошондон улам бул жер «Азирет Алинин кадам изи түшкөн жер» деген мааниде Кадамжай (кадам - следы, жай - место) деп аталып калган.
Райондун борбору Кадамжай шаары соода кербендеринин жолунда жайгашкан. Ал Ферганадан Сыр-Дарыяга жана Алай ашуусуна кетүүчү тарыхый жолдордун кесилишинде орун алган.
Райондун совет мезгилиндеги тарыхы
1930-жылдын 22-декабрында мурунку кантондор (административдик-аймактык бирдик) жоюлуп, Ош округунда 24 район түзүлгөн. Алардын ичинде Исфайрам жана Күлдү болуштарынын негизинде Кызыл-Кыя району уюштурулуп, борбору Үч-Коргон айылы болгон. 1937-жылдын 1-апрелинен тарта Молотов району деп аталып, 1938-жылы анын курамынан Халмион району бөлүнгөн. 1940-жылдын 19-октябрында Халмион району Фрунзе району болуп өзгөртүлгөн. 1959-жылы Үч-Коргон району жоюлуп, анын бир бөлүгү Фрунзе районуна кошулган.
1991-жылдын 15-мартындагы райондук кеңештин чечимине ылайык, Жогорку Кеңеш 1992-жылдын 6-мартында Фрунзе районун кайрадан тарыхый аты менен Кадамжай району деп каттаган.
Кадамжай шаарынын тарыхы 1936-жылдан башталат. Ал сурьма (химиялык элемент, бул металл ар түрдүү эритиндилерди алуу үчүн техникада пайдаланылат) өндүрүү боюнча комбинатта иштеген металлургдардын поселогу катары негизделген. Кадамжай сурьма комбинаты район экономикасынын негизги өнүгүү булагы болуп саналат. Комбинаттын металлургиялык заводу Кадамжай шаарында жайгашып, аны камсыз кылган бир катар цехтер жана участоктор иш алып барат.
Кадамжай шаары 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 мыйзамына ылайык, Кадамжай поселкалык башкармалыгынын базасында түзүлгөн. Анын курамына Орозбеков айыл аймагына караштуу Пүлгөн, Ташкыя жана Чалташ айылдары кошулган.
Ошол эле күнү 2012-жылдын 27-сентябрында Айдаркенге да райондук маанидеги шаар макамы ыйгарылган. Айдаркен шаары Баткен облусунун борборунан 60 чакырым, Кадамжай районунун борборунан 46 чакырым аралыкта жайгашкан.
Айдаркен шаарында жашоого керектүү бардык шарттар жана инфраструктуралар бар. Шаарда негизинен көп кабаттуу үйлөр орун алып, электр энергиясы жана газ менен камсыздалган. Байланыш, интернет, таза суу жана саркынды суу системалары иштейт.
Шаардын калкын тейлеген негизги ишканалардын бири — Айдаркен сымап комбинаты жана башка мамлекеттик мекемелер.