Turmush — Чүй облусундагы 7 мектептин окуучулары үчүн «Евразия Кыргызстан» аймактык кеңсеси «Евразия» эс алуу паркына сапар уюштурду.
Иш-чарага 5–8-класстын 100дөн ашуун окуучусу катышты. Аларга «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан берилген жаңы мектеп автобустары кызмат кылды.
Негизги максаты — активдүү жана таланттуу окуучуларды сыйлоо, ошондой эле облустун ар кайсы бурчтарындагы окуучулардын достук жана тажрыйба алмашуу байланышын чыңдоо.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар аттракциондордо ойноп, цирктин көрсөтүүсүнө күбө болушту жана эркин жагдайда эс алып, баарлашышты. Көпчүлүк окуучуларга бул сапар жаңы таасирлерди жана кубанычтуу сезимдерди тартуулады.
Бул долбоор фонддун билим берүүнү колдоо жана активдүү жаштарды өнүктүрүү боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп калды. «Евразия Кыргызстан» уюмунун өкүлдөрү мындай иш-чаралар окуучуларга социалдык активдүүлүктү, демилгелүүлүктү жана команда менен иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берерин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдарын белгилешти.
Фонд мындан ары да Чүй облусунда гана эмес, өлкө боюнча мектеп окуучуларынын билим алуу, баарлашуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган программаларды уланта берерин кошумчалады.