Turmush — Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында окуучуларды мектепке жана үйлөргө жеткирүү үчүн «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму тарабынан белекке берилген автобустар каттап жатат.
М.Адышев атындагы мектептин директору Венера Жороева билдиргендей, мындай кызмат 2025-жылдын жаз айларынан бери көрсөтүлүп келет.
«Былтыркы жана быйылкы окуу жылдарында окуучуларды «Евразия» автобусу менен ташып жатышат. Биздин мектепке 7–8 айылдан окуучулар келип окушат. Сабактар саат 08:00дө башталат, кечинде 18:00дө үйлөрүнө алып барышат. Бул ыкма коопсуздук жагынан да абдан пайдалуу болду — балдар кеч калышпай, тартиптүү түрдө келип-кетишүүдө. Азыркы учурда мектепте 1506 окуучу билим алууда», — деди ал.
Ата-энелердин бири Турсунай Ормонованын айтымында, мындай кызмат алардын үй-бүлөлөрүнө чоң жеңилдик жараткан.
«Мен Курманжан Датка айыл аймагында жашайм. «Евразия» автобусу каттаганы жакшы болду. Мурун балдарды такси менен алып барып, кайра алып келчүбүз. Азыр болсо окуучуларды акысыз ташып жатышат. Биз үчүн да, балдар үчүн да ыңгайлуу», — деди ал.
Маршруттук унаанын айдоочусу Уланбек Бөрүбаевдин маалыматына караганда, унаа күн сайын эртең менен жана кечинде белгиленген убакытта каттайт.
«Быйылкы жылдан тарта каттай баштадык. Эртең менен саат 7ден 9га чейин 6–7 мектептин окуучуларын ташыйм. Кечинде болсо 17:40та М.Адышев атындагы мектептин алдынан чыгам. Эң алыскы окуучулар 15 чакырым алыстыктан келет. Күн сайын орточо 200гө жакын баланы ташыйм», — деди айдоочу.