Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Алтынбек Курманалиев 1992-жылы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сыйдалы айылында төрөлгөн. Азыркы учурда ал Словакия мамлекетинин Сенец шаарында жашап, логистикалык борбордо эмгектенет.
Ал Кыргыз эл аралык университетинин компьютердик технологиялар факультетин аяктаган. Адистиги – компьютердик технологиялар.
«Турмуштук шарттарга байланыштуу чет өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүгүн издеп келгем. Жаңы тажрыйба топтоо жана жакшы жашоо шарты үчүн ушул жакка келгенмин. Негизинен өз каалоом жана үй-бүлөмдүн колдоосу түрткү болду. Бул жакка келгениме эки жыл болду. Азыр логистикалык борбордо жүктөрдү кабыл алуу жана товарларды чогултуу багытында иштейм», – дейт мекендешибиз.
Анын айтымында, Словакия эли абдан тартиптүү, жөнөкөй жана жылуу мамиледе болушат. Чет элдиктерге сый-урмат менен карашат.
«Аба-ырайы жумшак, кышы өтө суук эмес, жазы жана жайы жагымдуу. Экономикасы туруктуу, жашоо деңгээли орточодон жогору. Мени эң таң калтырганы — элдин мыйзамга болгон урматы, тартипке жана убакытка так мамилеси. Ар бир нерсе белгиленген убакытта жана эрежеге ылайык иштейт. Баары тартипке көнүп калган, унаа маданияты жогору, көчөлөр таза. Кыргызстан менен салыштырганда негизги айырма — системалуулук жана коомдук тартип. Бизде меймандостук күчтүү болсо, бул жакта мыйзамдуулук жана тактык биринчи орунда турат», – дейт ал.
Ал эми кызыктуу учурлар тууралуу айтканда, башында тилди жакшы түшүнбөгөндүктөн майда түшүнбөстүктөр болуп, күлкүлүү абалдарга туш болгонун эскерет.
«Азыр болсо ал учурлар жагымдуу эскерүүлөр катары калды», – дейт Алтынбек.
Анын айтуусунда, Словакияда кыргыздар аз эмес. Алар бири-бири менен байланышып, майрамдарда жолугушуп, колдоо көрсөтүп турушат.
«Келечектеги максатым — топтогон тажрыйбамды мекенге келип колдонуу, жаштарга үлгү болуп, Кыргызстандагы жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуу. Үй-бүлөлүүмүн, бир уулум бар. Үй-бүлөм мен үчүн эң чоң мотивация жана күч-кубаттын булагы», – деп кошумчалады мекендешибиз.