Turmush — Айтматов районунун Бакыян айылынын 58 жаштагы Күлүмкан Рыскулбекова тери ашатып, сайма саят. Аймактык кабарчы чебер йым менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим.
«Эмгек өргүүгө чыккандан бери кол өнөрчүлүк менен активдүү алектенип келе жатам. 4 жылдан бери жүн менен иштөөнү үйрөнүп иштеп келе жатам. Кол өнөрчүлүк кыргызга Умай энеден калган деп эсептейм. Бул адамдын өзү менен туулган нерсе. Мен 4-классымда эле ар нерсе жасап баштагам. Ошондо атам Аксыдан 10 чакты ангор эчки сатып келип берген. Анын жүнүн апам сонун кылып даярдап берчү. Анан мен аппак нерселерди токуп берчүмүн. Меринос койлордун жүнүн даярдачумун. Атам менен апам тириликке дагы бышырып, кол өнөрчүлүктү алып кетүүмө дагы шарт түзүшкөн экен. Кийин калып калган кол өнөрчүлүгүмдү пенсияга чыккан соң гана кайрадан уланттым.
Таласта гана ала кийиздин талдырма түрү деп коёт. Ал биздин аймакта гана жасайт, башка жакта жасалбайт. Койдун жазгы, күзгү жүнүн жууп даярдап алып, биринчи жука кылып чийге жүндү басып алабыз. Андан соң оюу түшүрүп даярдалат. Эртеси кайрадан калган жүндү тегиз кылып салып бышырылат. Анан кайнап турган сууга, эрмен салып, айна салып ошол суу чачылат. Оролгон кийизге оң, сол кылып билек менен басып чыгат. Кийиз анан кирет да. Билек менен катуу катуу басылат. Илгери кош бойлуу келинди ушундан билип коюшкан. Бош басып жатса, кийиз кирбей коёт болчу. «Кач, сен кош бойлуу турбайсыңбы, кийизиң кирбей жатат» деп ордуна алдуу күчтүү аялдар отуруп, билек менен басышкан. Анан акырында ала кийизге таш бастырып коюшат. Ошентип талдырма кийиз жаралат. Бул процесс абдан кыйын иш жүзүндө.
Кийизге атайын композиция түшүрүп, көргөзмөлөргө алып барам. Кийизден белдемчи, чермийлерди жасайм. Негизи кийизден жасалган буюмдар абдан кымбат бааланат. Анткени жумушу кыйын. Мен жасаган кийизден белдемчилердин баасы 7 миң сомдон жогору», - деди ал.
Күлүмкан Рыскулбекова жолдошу экөө 5 кыз 1 уулдун ата-энеси.