Turmush — Кант шаарында чоңойгон Гүлнур Турузбекова үй-бүлөсү Африкадагы Танзания мамлекетинин Занзибар аралында жашап жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы алыстагы мекендештен кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 1988-жылы төрөлгөн.
«Ата-энем Нарындан болот. Өзүмдүн кытай тили жана бухгалтерия боюнча билимим бар. Бир аз иштеп жүрүп, турмушка чыккандан кийин иштебей калгам. Жолдошум мектепти бүткөндөн бери чет өлкөдө жашачу. Жаңы үйлөнгөндө Францияда окуп жашаган. Мага виза бербей коюшкандыктан, жолдошум Кыргызстанда калууну чечкен. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда башкы адис болуп иштечү. 2018-жылы жолдошум маектешүүдөн өтүп, биринчи жолу 2 балабыз менен чет өлкөгө кеттик. Мьянма, Таиланд, Бангладеш өлкөлөрүндө 2 жыл жашадык. Үчүнчү кызымды Таиландда төрөдүм.
Азыр Африкадагы Танзания мамлекетинин Занзибар аралында жашайбыз. Каякка барбайлы, кыргыз, казак, орус, түркмөн, тажик үй-бүлөлөрү бар. Алар менен жолугуп, чай ичип турабыз», - деди ал.
Каарманыбыз Африка менен Кыргызстандын айырмачылыктарына да токтолду.
«Африкада адамдар абдан жай кыймылдайт, көп баш оорутушпайт. Иши бүтүп жатабы, бүтпөй жатабы аларга баары бир, жыргап жүрө беришет. Шаштырсаң «эс ал, нерв болбо, «акуна матата» деп коюшат. Бул жерде баары келип таанышып, учурашып, жанында сүйлөшүп жүрө беришет.
Мага ушул төрт өлкөнүн «тук-тук» деп аталган рикша деген транспорту жагат. Үйдөн чыксаң эле бүт жерде жүрөт, отура калып каалаган жериңе жетип аласың. Тойлорго да бардык. Суу менен бир гана тамак беришет экен, ысырапчылык жок.
Африкада бизге окшоп этти көп жешет экен. Булардын жеринде түрдүү татымалдар өсөт. Бирок өздөрү колдонбой, экспортко чыгарышат экен. Тамакты бизге окшоп туз менен калемпир кошуп жасашат.
Бул жер мурун Португалиянын, арабдардын, Англиянын колониясы болгон. Занзибар аралынан илгери кулчулукка адамдарды алып кетишчү экен. Ал болгону 100 жыл мурун токтоптур. Азыр болсо өнүгүп, Европадан туристтер тынымсыз келип турушат. Бул жердин калкы да абдан сулуу. Калктын 95% мусулмандар, борбор шаарында көбүнчө христиандар жашашат. Кудайга шүгүр, сонун жерлерди көрдүк. Жапайы жаныбарларды да көрдүк.
Чет өлкөдө биз үчүн эң кыйын нерсе — медицина. Жыл сайын Кыргызстанга барып дарыланып келебиз. Бул жакта медициналык камсыздандыруубуз бар. Бирок канча барсак да ыраазы болбой койдук», - деди ал.
Гүлнур Турузбекова буга ката эле кийин Кыргызстанга кайтып келишерин айтты.
«Көп эле кызыктуу окуялар болду. Кызымды Таиланддын аэропортунда жоготуп алгам. Ал жерде туристтер абдан көп болчу. Пилге акча берсең, мурду менен алып, үн чыгарып рахмат айтат экен. Бир жолу балдарым менен унаада отурсам, пил жолдон өтүп баратып жаныбызда туруп калды. Тебелеп кетпесе экен деп абдан корктум.
Келечекте балдар чоңоюп, окууга тапшыргандан кийин жолдошум экөөбүз Кыргызстанга кайтып барып жашайлы деп жатабыз. Азыр мен үй кожойкесимин, жолдошум мектепте мугалим. Ал 7 тил билет», - деди ал.