Turmush — Beeline уюлдук оператору — Кыргызстандагы Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу реселлери — кардарларына дароо эки сонун жаңылыкты сунуштайт.
Биринчиден, дүйнө Apple компаниясынын жылдык презентациясында жаңы муундагы iPhone жана башка түзмөктөр менен таанышты. Экинчиден, көптөн күткөн бул өнүмдөр жакын арада Beeline кеңселеринде алдын ала тапшырык берүүгө жеткиликтүү болот.
Apple жаңы түзмөктөрүн тартуулады:
- iPhone 17 Air — тарыхтагы эң жука iPhone (бар болгону 5,6 мм), титан корпус жана 48 МП камера.
- iPhone 17 Pro жана Pro Max — жаңы муундагы үч камералуу система (48 МП, 8 эселенген зум) жана инновациялык суюктук менен муздатуу технологиясы.
- AirPods Pro 3 — чууну эң мыкты басуу жана реалдуу убакытта Live Translation өзгөчөлүгү.
- Apple Watch Series 11 — кан басымын өлчөө жана спорт менен ден соолукка кам көрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
Компания жаңы моделдерде жука дизайнга, камералардын сапатына жана экосистеманын инновациялык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурган.
Жакынкы күндөрү кыргызстандыктар Beeline кеңселеринен жаңы Apple түзмөктөрүнө алдын ала тапшырык бере алышат. Бул расмий жана оригиналдуу продукцияны пайдалуу шарттар менен сатып алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Beeline Кыргызстандын башкы директору Мирлан Кубаталиев:
«Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу реселлери катары Beeline кардарларга алдыңкы технологияларды жакындатууга жардам берет жана продукциянын аныктыгына кепилдик берет. Жакында жаңы өнүмдөр жана сатып алуучулар үчүн атайын сунуштар тууралуу кеңири маалымат бөлүшөбүз. Жаңылыктарды көз салып туруңуз».
Beeline кеңселеринде сапатты, стилди жана ишенимдүүлүктү баалагандар үчүн оригиналдуу Apple продукциясы жана пайдалуу шарттар гана бар. Өзүңүз жана жакындарыңыз үчүн эң мыктысын тандаңыз!
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
КР СӨMгө караштуу БТЖCжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.