Turmush — Кыргызстандык журналисттер «Искусство жана тынчтык: Жашоонун Улуу Жеңиши» аттуу эл аралык көргөзмөгө катышты.
«Россияны тааны» долбоорунун алкагында уюштурулган бул чоң масштабдуу көргөзмөдө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 150дөн ашуун сүрөт жана эмгек бириктирилди.
Экспозицияда Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Молдова, Өзбекстан жана Кытай сыяктуу өнөктөш өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларына өзгөчө көңүл бурулду. Көргөзмөнү АКУ «Евразия» менен «Победа 9.45» кыймылы уюштурду. Бул долбоор Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Бул долбоор тарыхый эс тутумду сактап калуу, маданий диалогду өнүктүрүү жана элдердин достугун бекемдөө максатын көздөйт.
Көргөзмөдө коюлган экспозициялардын ичинен кыргызстандык сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таалайбек Усубалиевдин сүрөтү өзгөчө орунду ээледи. Анын эмгеги блокададагы Ленинградга арналган, согуштук катастрофалардагы оор учурларды чагылдырган.
«Сүрөттө келечекти үмүт менен караган балдар тартылган. Алардын көздөрүнөн баштарынан өткөн кыйынчылыктарды сезүүгө болот. Бул сүрөт блокададагы ар бир күндүн эстелиги», - деп белгиледи көргөзмөнүн ыктыярчысы Анна Бульбенко.
Ал эми сүрөтчүнүн айтымында, долбоорго катышуу ал үчүн адамгерчилик жана бири-бирине көмөктөшүү идеяларын көрүүчүлөргө жеткирүүгө маанилүү мүмкүнчүк болгон.
«АКУ "Евразияга“ мыкты долбоор үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Анткени мындай долбоорго дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген сүрөтчүлөр катыша алат. Биз сүрөт аркылуу адамды адамгерчиликке жана ынтымакка чакыра алабыз», - деп белгиледи Таалайбек Усубалиев.
Конкурстун финалисти болуп анын «1942‑жыл — Токтогон Алтыбасарова Ленинграддан келген блокададагы балдар менен» аттуу эмгеги тандалып алынган. Бул сүрөт чыныгы окуяны чагылдырган: 18 жаштагы айылдык кеңештин төрайымы Токтогон Алтыбасарова блокадада калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз айылында тосуп алып, камкордук көргөзгөн. Айыл элинин жардамы менен балдар аман калган.
Бул окуя гумандуулуктун жана адамгерчиликтин символуна айланган. Ал эми көргөзмө болсо өнөр аркылуу элдерди тынчтык жана өткөн оор учурларды эстөө максатында бириктирүүнүн үлгүсү болуп калды.
Белгилей кетсек, Түп районунун Күрмөнтү айылында жашаган Токтогон Алтыбасарова (Тоня мама) блокададан келген 150 баланы тарбиялаган.
Анын уулу Мараттын айтымында, Т.Алтыбасарова өз алдынча үналгы (радио) угуп, орус тилин өздөштүргөн.
Мектепте окуп жүргөн кезде ал араб тилин өз алдынча үйрөнгөн. Ага бардык аймактан орус, араб тилдериндеги каттарды жана документтерди котортуш үчүн келишчү. Ага урмат менен «тирүү энциклопедия» дешчү.
16 жашында айыл кеңешинин жооптуу катчысы болуп дайындалган жана бул кызматта 44 жыл иштеген.
Ал согуш жылдарында 1,5 жаштан 12 жашка чейинки 150 баланын апасы болуп калган. Ошол убакта ал 18 жашта гана болгон.
Кийин тургундардын айтымында, балдарды көрүү коркунучтуу болчу: ачарчылыктан шишип, моюндары ичке жана коркунучка толгон көздөрү бар эле. Көпчүлүгү өтө алсыз болуп, баса албай калышкан. Балдарды арабаларга салып алып келишкен. Токтогон Алтыбасарова айылдаштарына келип, балдардын башынан өткөргөн азаптарын айтып берген. Айыл тургундары балдарга (кээ бирлери акыркы азыктарын) сүт, кымыз, сүзмө, курут, жашылчаларды алып келишкен.
«Башында кичинекейлерге көп тамак берүүгө болбойт эле, Токтогон өз колу менен балдарга саатына чай кашык менен 2-3 ууртам сүт менен тамактандырган. Ачарчылыктан алсыраган жана ата-энесиз калган балдарды көрүп, ал көчөгө чыгып, кайгыдан жана алсыздыктан көз жашын агызып, кайра кирип, тамактандырууну улантчу», - деп эскеришкен.
Балдар 10 жыл бою анан көзөмөлүндө жергиликтүү колхоздун жатаканасында жашашкан. Тарбиялануучулар аны эркелетип «Тоня мама» деп атап алышкан.
Кийин Токтогон Алтыбасарова Советтер Союздун ар кайсы бурчуна тараган тарбиялануучуларынан өмүр бою каттарды алып турган жана аларды сактап алчу. Ал тууралуу газеталар көп жолу жазып, телевидениеде көрсөтүүлөр болгон. Анда ал балдарды өз балдарындай жакшы көрөөрүн жана дайыма аларды күтөөрүн айткан.
Өзүнүн жолдошу — согуштун ардагери Муса Абдиев менен Токтогон Алтыбасарова 8 баланы тарбиялашкан. Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы 89 жашында дүйнө салган.