Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ильгиз Шайылдаев учурда АКШнын Чикаго шаарында жашап, иштейт. Мекендешибиз менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
Ал 2022-жылы бала кезиндеги кыялы орундалып, АКШга грин-карта утуп алган. Азыр Чикаго шаарында достору менен батирде жашап, логистика тармагында маркетолог болуп эмгектенет.
«Нарын шаарында жөнөкөй эмгекчил үй-бүлөдө төрөлүп, ошол жакта чоңойдум. Үй-бүлөдө экинчи баламын — 1 эжем, анан 2 кичүү иним бар. Мурда эч качан чет өлкөгө чыккан эмесмин. Эмне себептен билбейм, бирок бала кезден бери Америкага баруу менин кыялыма айланган. Ошондуктан башка өлкөлөрдү ойлогон эмесмин. Мен көп жылдар бою Harvard, Stanford,Columbia сыяктуу Америкалык университеттерге тапшырууну кыялданып, мыйзамдуу жолдорду издеп жүрдүм.
2022-жылы кыялым мага жакындады — грин-карта утуп алдым жана АКШга көчүп келип, легалдуу иштеп, окууга мүмкүнчүлүк алдым», - деди ал.
Каарманыбыз Америкага келгенден кийин бала кезинен кыялданган шаарларын кыдырып, ушул жерден үй алып, калуу максаты пайда болгонун айтат.
«Мен бул жака келип, дароо кыялданып жүргөн жерлерге бара баштадым. Нью-Йорк шаарында болдум, Индианаполиске жана Висконсин штатына да бардым. Бирок эң жакканы — Огайо штатындагы чакан Цинциннати шаары болду.
Келечекте ошол жерден үй алып, үй-бүлөмдү да ошол жакка алып барууну каалайм», - деди ал.
Америкадагы жашоо жана андагы коом Кыргызстандыкынан бир топ айрмаланат экени тууралуу буларга токтолду.
«Азыр логистика тармагында маркетолог болуп иштейм. Биздин мекендештер негиздеген компаниянын өсүп-өнүгүшүнө жардам берип жатам.
Жашоом туруктуу. Мен жашаган шаар чоң көлү менен белгилүү — АКШдагы беш чоң көлдүн катарына кирет. Бирок эс алуу жагынан биздин
Ысык-Көл менен салыштыруу мүмкүн эмес. Бул жактагы адамдар абдан жайдары — дайыма жылмайып жүрүшөт, көчөдө бири-бири менен учурашып, жакшы күн каалап турушат. Мага жакканы — Индиядан, Пакистандан келген мигранттар бизге абдан жакын болуп кетишти. Өзгөчө казактар, өзбектерден кийин.
Биз бир эле райондордо жашайбыз, бирге мечиттерге барабыз, халал ресторандарга киребиз. Алардын акценти менен менталитетин жакшы түшүнөбүз, анткени биздин Кыргызстанда да ушул элдерден көп студенттер бар.
АКШда көпчүлүк жарандар саясатка кызыга беришпейт. Негизинен эки партия бар: демократтар жана республикачылар. Мага республикачылардын саясаты жакыныраак — алар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап, салттарга көңүл бурушат жана үй-бүлөгө көп убакыт арнашат. Башында бул жактагы мыйзамдар, менталитет адаттан тыш сезилчү. Кээ бир адамдардын жүрүм-туруму да жакпай калышы мүмкүн. Бирок тилди үйрөнүп, коомду түшүнүп, баштаганда, алардын логикасына да көнүп, көз караштарын түшүнө баштайсың. Америкада атаандаштык абдан күчтүү. Жөн гана бир жумушка кирүү да чоң жетишкендик деп эсептелет. Ошого карабай, мен дагы башкалар сыяктуу чоң максаттарды коюп, алдыга умтулуп келем.
Келечекте ушул жактан жакшы билим алып, тажрыйба топтоп, Кыргызстанга кайтып келип, өз өлкөмдүн өнүгүшүнө салым кошкум келет. Кайсы өлкөдө болбойун, мен ар дайым кыргыз болуп кала берем. Келечекте балдарым да кыргыз тарбиясын алып, өз тилин эркин сүйлөп, чоңойсун деп кыялданам», - дейт каарманыбыз.
Ильгиз Америкада такси кылып, иштеп жүргөндө аябай эсте калаарлык күлкүлүү окуясы менен да бөлүштү.
«Америкада баары эле бир суроо менен баштайт: "Where are you from?” Мен жооп берем: “From Kyrgyzstan.” Ошондо башталат: "What? Kurdistan? Kazakhstan? Where is that? Is that Russia?” Анан дайыма 15–20 мүнөттө Кыргызстан кайда, кимбиз, эмне менен таанымалбыз” деген лекция башталат.
Бирок кээде, 15 саат иштеп чарчап келгенде, такыр сүйлөгүң келбейт да… Ошентип, бир күнү такси айдап жаткам. Бир америкалык жаш кыз отуруп, биринчи суроосу: "Are you Korean?” Мен сүйлөшкүм келбей, жөн эле: — "Yes" көрсө, ал кыз «K-pop» фанаты экен. 1 саат жолдо мага: "What’s your favorite BTS song? Have you ever been to Seoul"? деп ар кайсыл сөздү корейчеге которуп, берүүмдү кызыгуу менен сурап жатты.
Мен болсо жанымды салып, фантазиямды иштетип, жолдо баратып корей сөздөрүн ойлоп табам: "Yes, in Korea we say ‘kambu-hana’ for good luck!” My grandma lives near Busan… next to a kimchi store”.
Кыз аябай таң калып: — "Oh my god"деп. Анан акыры жолдун аягында — көңүлдүү кеч каалап, жылмайган бойдон түшүп кетти. Ошондо ойлонуп койдум - азиялыктар баарыбыз эле окшош болот окшойбуз», - деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.