Turmush — Түп району боюнча жайкы туризм жанданган айыл аймактардын бири — Ысык-Көл айыл аймагы. Аталган аймак өзүнө Михайловка, Ысык-Көл, Ынтымак, Сары-Булуң жана Тогуз-Булак айылдарын камтыйт. Бүгүнкү күндө бул айылдарда жалпы 8 805 адам жашайт.
2025-жылы айыл аймакта бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылууда: бала бакча жана мектептер салынып, эс алуу бакчалары реконструкцияланып жатат. Айыл өкмөт башчысы Урмат Бозгуновдун айтымында, акыркы 2 жыл аралыгында бала бакча жана мектеп таңкыстыгы жоюлуп, социалдык маселелер чечиле баштады.
Михайловка айылы
Калкынын саны боюнча алдыңкы орунда турган, ар улуттун өкүлдөрү жашаган Михайловка айылында 3 774 адам күн кечирип келет. Бул айылдагы маданият үйү 1972-жылы курулган жана учурда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен 4 млн 702 миң 800 сомдук грант каражаты тартылып, эки кабаттуу имараттын сырткы дубалдары жаңыланып, ички жасалгасы жүргүзүлүүдө.
«Чатырынан суу агып, ички жасалгасы эскилиги жеткен маданият үйү ушул жылы толук жаңыланууда. Пол алмаштырылып, сахна жасалгаланат, терезе пардоолору жаңыртылат. Бул айылда маданий иш-чаралар байма-бай өтүп турат. Бул — ар улуттуу айыл элинин ынтымагынан кабар берет», — деди айыл өкмөт башчысы.
Тогуз-Булак айылы
1975-жылы курулган сейил багы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата реконструкцияланды. Мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, мурдагы эстелик жаңыланып, согуштан кайтып келип көз жумган жоокерлердин тизмеси камтылган жаңы такта орнотулду. Сейил бактын аймагына таштаман төшөлүп, отургучтар коюлуп, жашыл, жарык эс алуу жайына айланды.
Бул айылда мындан сырткары бала бакча маселеси да чечилди. Буга чейин бала бакча катары колдонулуп келген имарат мектепке өткөрүлүп берилди. Билим берүүнүн жаңы имараты ишке кирип, быйылкы окуу жылында 100 орундуу бала бакча бөбөктөрдү кабыл алат.
«Бала бакчанынын имараты 1983-жылы курулган, толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 6,5 миллион сом жумшалат. Анын 3 млн сому грант аркылуу, калган 3,5 млн сом өнүктүрүү фонду жана айыл өкмөт бюджетинен каржыланууда. Имараттын жалпы аянты 380 чарчы метр. Бала бакча 3 тайпа, 2 бөлмөлүү ашкана жана даярдоо курсу жайгаша турган 2 бөлмө менен камсыз болот. Эки ай аралыгында ички жасалгасы толук бүтүп, жаңы окуу жылында ишке кирет», — деди айыл өкмөт башчысы.
Сары-Булуң жана Ынтымак айылдары
Сары-Булуң айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Айыл чакан болгону менен калк саны өсүп, учурдагы бала бакчанын имараты мектеп катары колдонулуп жаткан. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, 2026-жылы пайдаланууга берилет.
Ал эми Ынтымак айылында да ушундай эле көйгөй болгон. 2024-жылы башталган 150 орундуу мектептин курулушу учурда 80 пайызга бүткөрүлдү. Быйылкы окуу жылы менен жаңы имаратта сабактар башталат. Мектеп заманбап талаптарга ылайык: даараткана, жуунучу жай, спорт зал, ашкана жана предметтик класстар менен камсыздалат.
Ысык-Көл (Маяк) айылы
Аймактын туристтик багыттагы айылдарынын бири — Ысык-Көл (Маяк) айылы. Бул айыл аркылуу туристтер көп каттагандыктан, ички инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулууда. Совет доорунда курулган «Жеңиш» эс алуу багы толугу менен реконструкциядан өтүүдө.
«Жаңы парк "боз үй" стилинде жасалууда. Борбордук бөлүгүнө оргума жана гүл бакча пландалган. Суу арыктары, түнкү чырактар, таштаман төшөлгөн жолдор, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы жана ачык сахна курулат. Жакынкы күндөрү парктын курулушу аяктап, эс алуучуларды кабыл алууга даяр болот. Демек жергиликтүү тургундар менен конокторду кабыл алууга даярбыз», — деди Урмат Бозгунов.