Turmush — Тараптар бир катар негизги багыттар боюнча кызматташууга макулдашышты. Анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, тренингдерди жана улуу муундун социалдык активдүүлүгүн арттырып, коомдук турмушка кеңири тартууга өбөлгө түзгөн башка иш-чараларды өткөрүү каралган.
Макулдашууга «Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова жана «Кыргызстандын пенсионерлер союзунун» төрагасы Эсенгул Исаков кол коюшту.
Бул кызматташтык пенсионерлерди колдоого жана алар үчүн коомдук турмушка активдүү катышууга шарт түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Биргелешкен демилгелер коомдогу социалдык байланышты чыңдоого гана эмес, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга да көмөк көрсөтөт. Алар үчүн билим алуу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жаралат деп күтүлүүдө.
Маалымат үчүн:
«Евразия» долбоору ошондой эле мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик аянтчалар менен форумдарды уюштурат, журналисттерге жана блогерлерге гранттарды берет, тарыхты жана маданиятты сактоо багытындагы демилгелерди колдойт.