Turmush — 2025-жылы негизделген «Евразия» эл аралык сыйлыгы жөн гана сыйлык болбостон, постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо ала турган келечектүү долбоорлорду издөө жана колдоо үчүн маанилүү курал катары каралат. Бул тууралуу RT телеканалынын журналисти, сыйлыктын эксперттик кеңешинин мүчөсү Константин Придыбайло билдирди.
Придыбайло Бишкекте онлайн форматта өткөн маалымат жыйынына катышып, сыйлыктын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
Анын айтымында, сыйлыктын номинациялары Евразия мейкиндигиндеги өнүгүүнүн негизги багыттарын камтыйт:
- «Тынчтыктын тили» — орус тилин эл аралык баарлашуу каражаты катары колдогону үчүн;
- «Маданий код» — искусство тармагындагы долбоорлор үчүн;
- «Жүрөктүн чакырыгы» — ыктыярчылык ишмердүүлүк үчүн;
- «Достуктун көпүрөлөрү» — эл аралык кызматташууга көмөктөшкөндөр үчүн;
- «Евразия лидери» — регионду өнүктүрүүгө кошкон жеке салым үчүн;
- «Жүрөктөн чыккан иш» — жаштар менен иштөө, саламаттык боюнча сабаттуулук жана ыктырярчылык аракеттер үчүн;
- «Евразия үнү» — евразиялык интеграция темаларын калыс чагылдырган жана жалган маалыматка каршы иш алып барган медиа долбоорлор үчүн.
Мындан сырткары, «Муундардын эс тутуму» номинациясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.
«Жаркын башталыш» атайын номинациясы жогорку потенциалы бар жаш активисттерге багытталган.
«Коомдук таануу» номинациясына салттуу баалуулуктарды сактоого салым кошкон адамдар, уюмдар жана долбоорлор көрсөтүлө алат.
Придыбайло билдиргендей, ар бир номинация ар кандай масштабдагы долбоорлор үчүн ачык: «Өтүнмөлөр 31-августка чейин кабыл алынат. Андан кийин практикалык мааниге ээ, кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар жана жаңычыл ыкмаларды камтыган демилгелерди тандап алуу боюнча тыкыр иш башталат. Биз түшүнөбүз — маанилүү болгону чоң долбоорлор эле эмес, чакан, жергиликтүү, бирок таасирдүү демилгелер да. Жаңы идеяларды жана ишке ашуучулукту айкалыштырган дал ушундай «берметтей» демилгелерди биз өзгөчө баалайбыз», - деди ал.
Ал белгилегендей, эксперттик коомчулуктун алдында чоң жоопкерчилик турат — Евразия аймагы үчүн «өсүү чекитине» айлана турган долбоорлорду аныктоо милдети.
«Ишенем, катышуучулардын арасынан жаңы багыттарды көрсөтө ала турган күчтүү, келечектүү демилгелер чыгат. Сыйлыкка болгон кызыгууңар үчүн ыраазычылык билдирем. Катышуучуларга — шыктануу, ал эми эксперттерге — адилеттүүлүк жана акылмандык каалайм», — деп сөзүн жыйынтыктады Придыбайло.
- 25 миллион рубль байге фондуна ээ болгон «Евразия» сыйлыгы Россотрудничество менен биргеликте өткөрүлүүдө. Макулдашууга быйыл Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда кол коюлган. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2025-жылдын күз айларында өтөт.