Turmush — Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынын 47 жаштагы тургуну Турат Моңкоев — биринчи топтогу майып. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, суу жетпеген 10 гектар жерди жашылдандырып, тоолуу аймакта кулпунай өстүрүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1978-жылы төрөлгөм. Тубаса ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эмесмин. Мектепти бүткөн соң Шахта-Жыргалаң кенинде иштедим. Андан кийин аскердик кызмат өтөө үчүн Нарынга бардым. 22 жыл мурда ток уруп, кырсыктап, бутуман жана колуман ажырадым. Ошол окуядан кийин биринчи топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп калдым. Бул — тагдыр, бирок мен өзүмдү чектебейм. Балдарым да үлгү алып, эмгекчил болуп өсүшүн каалайм», — дейт Турат Моңкоев.
Дыйкандын аракеттери көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чектебейт.
«Менин ата-энем Ак-Сууда айылында күн кечирип келишет. Өзүм балдарым менен Бишкек шаарында жашайм. Эч жерде иштебейм. 2021-жылы айыл өкмөттөн 10 гектар жерди ижарага алдым. Энем менен жакындарым: "Кагыраган, суу чыкпаган жерди эмне кыласың?" деп жатышты. Биринчи жылы алманын көчөттөрүн отургуздум. Бирок суу чыкпагандыктан куурап калды. Анан кумдуу жер экен деп, арпа айдасам, кеткен чыгымды араң жапты. Жердин топурагын Алматы шаарына текшерүүгө жибердим. Андан жерге кайсы азык жетишпей жатканын жана эмне эгүү ылайыктуу экенин билдим. Тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизип, былтыр 80 сотых жерге кулпунайдын "Альбион" сортун айдадым. Бул жылы түшүм алып, эмгегим акталып, элдин ишенимин алганыма сүйүнүп жатам», — дейт ал.
Турат мырзанын 6 кызы бар. Алар атасына жардам берип, түйшүгүн жеңилдетишет.
«Жайкы каникулун кыздарым эмгек кылуу менен өткөрүшөт. 5, 3 жана 1-класстагы кыздарым менин жардамчым. Кулпунай көп эмгекти талап кылгандыктан "оор жумуш тандаптырсың" дегендер болот. Чынында, кулпунайды 1 күн да карабай койгон болбойт. Бир күнү мурутун жулсак, эртеси отоп, анан сугарып, терип, дайым жанындабыз. Мен ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар деп билем. Малинанын "Ежевика" сортунан 20 сотых айдадым. Жумушу жеңил экен, көбөйтүүнү пландап жатам. Алдыда күнөскана салсак деген тилегим бар. Көлдүн табигый таза азыктарын өстүрүп, элге сунуштоо — менин тилегим», — дейт дыйкан.