Turmush — «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салым үчүн берилүүчү тарыхтагы биринчи сыйлыкка арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 2025-жылдын 31-августуна чейин узартты.
Бул чечим Евразия өлкөлөрүнүн адистешкен жамааттары жана бейөкмөт секторунун чоң кызыгуусун эске алуу менен уюштуруучу комитет тарабынан кабыл алынды.
25 миллион рубль байге фондуна ээ болгон «Евразия» сыйлыгы Россотрудничество менен биргеликте өткөрүлүүдө. Макулдашууга быйыл Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда кол коюлган.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 2025-жылдын күз айларында өтөт. Бул коомдук таанууну жана Евразия өлкөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө, элдик дипломатияны өнүктүрүүгө, тарыхый эс-тутумду сактоого жана маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга чоң салым кошкон адамдар менен уюмдарды колдоого багытталган сыйлык болуп саналат.
Сыйлыктын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар боюнча аныкталат:
- «Тынчтыктын тили» — орус тилин эл аралык байланыш каражаты катары колдоого салым кошкондор үчүн;
- «Маданий код» — искусство тармагындагы долбоорлор үчүн;
- «Жүрөктүн чакырыгы» — ыктыярчылык ишмердик үчүн;
- «Достук көпүрөлөрү» — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым үчүн;
- «Евразия лидери» — Евразия мейкиндигин өнүктүрүүгө жеке салым үчүн;
- «Жүрөк иши» — жаш муунду тарбиялоого, калктын саламаттык боюнча сабаттуулугун жогорулатууга жана ыктыярчылыкка кошкон салым үчүн;
- «Евразиянын үнү» — Евразия интеграциясы тууралуу так маалымат тараткандар жана жалган маалыматтар менен күрөшкөндөр үчүн;
- «Муундарга мурас» — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган;
- «Жаркын башат» — баштапкы этапта турган, бирок келечеги кең демилгелер үчүн;
- «Коомдук таануу» — Евразия аймагындагы салттуу баалуулуктарды сактоого салым кошкон адамдар, уюмдар жана долбоорлор үчүн.
«Биз «Евразия» сыйлыгын таланттуу, активдүү жана кайдыгер карабаган адамдар үчүн жараттык. Кызыгуу чоң болгондуктан, катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн узарттык. Бул жөн гана сыйлык эмес, бул — жалпы келечекке, эл арасындагы байланыштарды чыңдоого кошкон салым», — деп билдирди Мамлекеттик Думанын депутаты, «Евразия» кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Толук маалымат: premiyaevrazia.su
АНО «Евразия» — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. «Евразия» коомдук маанилүү демилгелерди колдойт, ар түрдүү маданияттагы адамдарга өз ара байланышууга мүмкүнчүлүк түзөт жана билим берүү, медицина тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт.
Башкы багыттардын бири — окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлорунун ичинде билим берүү программалары, алмашуулар, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар, медиа мектептер бар. Ошондой эле, мугалимдер үчүн форумдар, журналисттер жана блогерлер үчүн гранттар, тарых менен маданиятты сактоого багытталган долбоорлор дагы ишке ашырылууда.
Уюмдун камкорчулар кеңешин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жетектейт. Кеңештин курамына ошондой эле вице-спикер Борис Чернышов, депутат Алена Аршинова, RT жана «Россия сегодня» медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян, саясатчы жана меценат Илан Шор, ПСБ банкынын төрагасы Петр Фрадков, ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов кирген.